Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү тууралуу»мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 5-июну № 364
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк жана асыл-тукум
чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча
карыздарды кайтаруу шарттарын өзгөртүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссу-
далар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайта-
руунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобо-
ну бекитүү тууралуу", 2009-жылдын 11-февралындагы № 114 "2009-жылы жаз-
гы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлы-
гын ишке ашыруу тууралуу" токтомдоруна ылайык, финансылык кыйынчылык-
тарга байланыштуу үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларына мамлекеттик
колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2009-жылдын 1-мартындагы абал боюнча республиканын үрөнчүлүк
жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча ка-
рыздарды кайтаруу шарттары тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Эконо-
миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте төмөнкүдөй
шарттарда үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбаларынын мамлекеттик заемдук
каражаттар боюнча карыздарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча тие-
шелүү кредиттик-күрөөлүк документтерди тариздесин:
- карыздарды жыл сайын бирдей үлүштө төлөөнүн бекитилген графиги
менен 2009-жылдан тартып 2014-жылга чейин 5 жыл ичинде жыл сайын төлөө;
- күрөө камсыздоосун берүү.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген
сумма 2009-жылдын 31-декабрына чейин үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбала-
ры тарабынан толук жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 100 пайызда эсеп-
тен чыгарылат;
- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген
сумма 2010-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы
төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:
100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 90 пайызга
эсептен чыгарылат;
90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 80 пайызга
эсептен чыгарылат;
80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 70 пайызга
эсептен чыгарылат;
- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген
сумма 2011-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы
төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:
100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 70 пайызга
эсептен чыгарылат;
90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 60 пайызга
эсептен чыгарылат;
80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 50 пайызга
эсептен чыгарылат;
- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген
сумма 2012-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы
төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:
100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 50 пайызга
эсептен чыгарылат;
90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 40 пайызга
эсептен чыгарылат;
80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 30 пайызга
эсептен чыгарылат;
- пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасы жана эсептелген
сумма 2013-жылдын 31-декабрына чейин жоюлса, айыптын эсептелген суммасы
төмөнкүдөй шарттарда эсептен чыгарылат:
100 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 30 пайызга
эсептен чыгарылат;
90 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 20 пайызга
эсептен чыгарылат;
80 пайыз өлчөмүндө жоюлса, айыптын эсептелген суммасы 10 пайызга
эсептен чыгарылат;
- белгиленген өлчөмдөрүнөн азыраак жана белгиленген мөөнөттөрү
өтүп кеткенден кийин пайдалангандык үчүн кредиттин негизги суммасын жа-
на эсептелген сумманы жоюуда айыптын бардык суммасы төлөнөт.
4. Бул токтомдун 2-пунктунун 2-абзацында жана 3-пунктунда белги-
ленген мөөнөттө карыздарды жоюшпаган үрөнчүлүк жана асыл-тукум чарбала-
ры үчүн кредиттерди пайдалануу жана карыздын негизги суммасынын айыпта-
рына пайыздарды эсептөө боюнча мурда түзүлгөн кредиттик келишимдерде
каралган шарттар колдонулаары белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата…Постановление · 02.06.2008 · № 258 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №114 "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин…Постановление · 11.02.2009 · № 114 · Күчүн жоготкон