# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 518-б (Жолдору асфальтбетон менен жабууларын оңдоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 518-б (Жолдору асфальтбетон менен жабууларын оңдоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 473
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7327/edition/515151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы № 518-б (Жолдору асфальтбетон менен жабууларын оңдоо боюнча) буйругу (17.09.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59892

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 17-сентябры № 518-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Манас-Ордо" Кыргыз улуттук комплексинин директорунун кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 11-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Жол фондун түзүү жана каражаттарын пайдалануу тартибине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Манас-Ордо" Кыргыз улуттук комплексинин аймагында турган жолдорунун асфальтбетон менен жабууларын оңдоону 2009-жылдын республикалык бюджетинде каралган Кыргыз Республикасынын Жол фондунун каражаттарынын эсебинен 316271 (үч жүз он алты миң эки жүз жетимиш бир) сом өлчөмүндө жүзөгө ашырсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
