# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №465 "Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №465 "Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 465
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13317/edition/918143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы №465 "Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө" токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59890

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-августу № 465

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана

жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым

укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө

Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын укуктук ый-

гарым укуктарын андан ары чыњдоо, финансылык децентралдаштыруу принцип-

терин илгерилетүү жана жергиликтүү дењгээлде мындан да натыйжалуу жана

квалификациялык иштердин мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Респуб-

ликасынын Конституциясынын 73 жана 96-статьяларын, "Кыргыз Республика

сынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын

38-статьясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамле

кеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана

20-статьяларын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана

коммуникациялар министрлигинин төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктары

өткөрүп берилсин:

- Бишкек шаарынын аймагында автомобиль транспорту менен жүргүнчү-

лөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо;

- Бишкек шаарынын аймагында транспорттук иштерди жүргүзүүчү жеке

жана юридикалык жактар тарабынан транспорттук мыйзамдарды сактоону кон-

тролдоо.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-

лиги:

- Бишкек шаарынын мэриясына штаттык санды, материалдык-техникалык

ресурстарды, финансыларды, ошондой эле лицензиялардын бланктарын, Биш-

кек шаары боюнча болгон документтерди өткөрүп берүү маселелерин белги-

ленген тартипте чечсин;

- бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кир-

гизсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин

ушул токтомго ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана автомобилдик транс-

порту менен жүктөрдү ташуу үчүн лицензияларды берүүдөн түшкөн финансы-

лык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кириште-

лүүгө тийиш экендиги;

- Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн

өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчетту экендиги.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
