Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 декабря 2018 года № 589 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "О делегировании мэрии города Бишкек полномочий по лицензированию перевозок пассажиров и грузов автомобильным транспортом" от 16 августа 2008 года № 465"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-12-18.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 16-августу № 465
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана
жүктөрдү ташууларды лицензиялоо боюнча ыйгарым
укуктарды Бишкек шаарынын мэриясына берүү жөнүндө
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын укуктук ый-
гарым укуктарын андан ары чыњдоо, финансылык децентралдаштыруу принцип-
терин илгерилетүү жана жергиликтүү дењгээлде мындан да натыйжалуу жана
квалификациялык иштердин мүмкүнчүлүгүн берүү максатында, Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын 73 жана 96-статьяларын, "Кыргыз Республика
сынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
38-статьясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамле
кеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана
20-статьяларын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигинин төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктары
өткөрүп берилсин:
- Бишкек шаарынын аймагында автомобиль транспорту менен жүргүнчү-
лөрдү жана жүктөрдү ташууларды лицензиялоо;
- Бишкек шаарынын аймагында транспорттук иштерди жүргүзүүчү жеке
жана юридикалык жактар тарабынан транспорттук мыйзамдарды сактоону кон-
тролдоо.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-
лиги:
- Бишкек шаарынын мэриясына штаттык санды, материалдык-техникалык
ресурстарды, финансыларды, ошондой эле лицензиялардын бланктарын, Биш-
кек шаары боюнча болгон документтерди өткөрүп берүү маселелерин белги-
ленген тартипте чечсин;
- бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүүнү кароочу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кир-
гизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин
ушул токтомго ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Бишкек шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү жана автомобилдик транс-
порту менен жүктөрдү ташуу үчүн лицензияларды берүүдөн түшкөн финансы-
лык каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине кириште-
лүүгө тийиш экендиги;
- Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн
өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчетту экендиги.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-августундагы № 465 "Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү…Постановление · 18.12.2018 · № 589
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 589-токтомуПостановление · 18.12.2018 · № 589
- Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт Башкармалыгы мекемесинин маселелери жөнүндө" жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 15-майындагы № 205 токтомуна өзгөртүүлөрдү…Постановление · 26.09.2008 · № 415 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон