# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 752
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59845>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13310/edition/328936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59845.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө"токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59845

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 31-декабры № 752

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну

жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө

ашыруу жөнүндө

"Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрында-

гы № 435 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №

281-б буйругу менен түзүлгөн Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик

укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык

комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия):

- 2009-жылдын 19-январына чейин Ведомстволор аралык комиссиянын

жумушчу органын - оптималдаштыруу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана

көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча эксперттик топ түзүү жөнүндө

сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;

- "Ишкердик субъекттердин ишмердигине ченемдик укуктук актылардын

жөнгө салуучу таасирин талдоонун (ЖСТТ) усулу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 токтому менен беки-

тилген жөнгө салуучу таасирди талдоонун усулуна ылайык 2009-жылдын

26-январына чейин колдонуудагы лицензиялык-уруксат берүүчү системаны

кайра кароону баалоо боюнча маселелердин стандарттуу тизмесин иштеп

чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-

гандары:

- 2009-жылдын 22-январынан кечиктирбестен лицензиялык-уруксат

берүүчү ишкердиктин бардык түрлөрүнүн (анын ичинде алардын башка

түрлөрүнүн) инвентаризациясын жүргүзүшсүн жана алардын санын 30 про-

центтен кем эмес санга кыскартуу жөнүндө сунуш киргизүү менен толук

тизмесин Ведомстволор аралык комиссияга беришсин;

- 2009-жылдын 31-мартынан кечиктирбестен милдеттүү лицензияланууга

тийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн калган 70 процентин лицензиялоонун

зарылдыгы жөнүндө негиздемелерди жөнгө салуучу таасирдин негизинде Ве-

домстволор аралык комиссияга беришсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-

рлиги:

- Ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде

2009-жылдын 6-апрелине чейин ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген

мөөнөттө аларды лицензиялоонун зарылдыгы жөнүндө негиздемелер берилбе-

ген милдеттүү лицензияланууга тийиш болгон ишкердиктин түрлөрүнүн Тиз-

месинен алып салууну караштырган чечимдердин долбоорлорун белгиленген

тартипте киргизсин;

- ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүнү реформалоо максатында

бир айлык мөөнөттө контролдоочу органдарды 30 процентке кыскартуу үчүн

критерийлерди иштеп чыксын жана ишкердик субъекттерине текшерүү

жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын Тизмесин аныктоо боюн-

ча сунуштарды "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тар-

тиби жөнүндө" жана "Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу механизмдерин иштеп чыгуу бо-

юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-июлундагы № 219-б

буйругу менен түзүлгөн комиссиянын кароосуна киргизсин (мындан ары -

Комиссия);

- бизнес-жамааттын катышуусунда бир айлык мөөнөттө тобокелдиктин

критерийлерин киргизүүнү жана пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн

мөөнөтүн кыскартууну караган "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү

жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитети:

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте

2009-жылдын 1-апрелине чейин райондук дењгээлде юридикалык коммерциялык

жактарды каттоодон өткөрүүгө тиешелүү маселелерди иштеп чыксын жана

нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө киргизсин;

- бир айлык мөөнөттө каттоодон өткөн юридикалык жактар жөнүндө ма-

алыматты салык кызматынын райондук бөлүмдөрүнө жеткирүү механизмин жак-

шыртсын жана салык маселелери боюнча юридикалык жактын милдеттенмелери

жөнүндө маалыматтык эскерткичтерди Кыргыз Республикасынын Юстиция ми-

нистрлигине өткөрүп берсин.

5. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода минист-

рлиги эки жумалык мөөнөттө юридикалык коммерциялык жактарды каттоодон

өткөрүү жол-жобосуна мониторинг жүргүзсүн жана анын жыйынтыгын Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык

мөөнеттө "Лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндө ишкердикти жөнгө салуучу

нормативдик укуктук базаны оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 509 токтому менен анык-

талган лицензиялык-уруксат берүүчү чөйрөдөгү ишкердик ишти жөнгө салуу-

нун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүүнүн биринчи

этабына ылайык "бирдиктүү терезе" принцибин ишке киргизүү аркылуу сала-

маттык сактоо системасында лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюн-

ча сунуштарды Комиссиянын кароосуна киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө бол-

гон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигине 2009-жылдын 26-январына чейинки мөөнөттө нотари-

алдык жактан күбөлөндүрбөстөн кыймылсыз мүлктү ажыратуу келишиминин не-

гизинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо механизмин иштеп чыксын жана

зарыл болгон учурда сунуштарды киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте

2009-жылдын 2-февралына чейинки мөөнөттө кыймылсыз мүлккө бүтүмдөрдү

ыктыярдуу нотариалдык күбөлөндүрүүдө мамлекеттик алымдын ставкасын

төмөндөтүү жөнүндө нормативдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын

жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;

- ведомстволук нормативдик актыларды каттоодо Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келүүсүнө жүргүзүлгөн экс-

пертизанын сапатын жогорулатсын.

9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Рес-

публикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине мамлекеттик

органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи-

лерине баа берүү жана "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик

саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 9-декабрындагы № 435 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, фили-

алдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамле-

кеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар орто-

сунда өз ара аракеттенүү тартиби женүндө жобону бекитүү тууралуу",

2008-жылдын 30-майындагы № 252 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк

объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат доку-

менттерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуата-

цияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомдо-

рун, ошондой эле ушул токтомду тийиштүү эмес аткаргандыгы үчүн жоопкер-

чиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилсин.

10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-

рлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

2009-жылдын 2-февралына чейин жањы курулуш курууда телефондук линияга

кошулууга техникалык шарттарды алуу жана Мамкентехкөзөмөл органдары та-

рабынан кыймылсыз объекттерин курууда жабдууларды эксплуатациялоого

уруксат берүүчү жол-жоболор боюнча милдеттүү талаптарды жоюу маселесин

карашсын жана сунуш киргизишсин.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-

рулуш боюнча мамлекеттик агенттик 2009-жылдын 2-февралына чейинки

мөөнөттө кыймылсыз объект курууга уруксат берүү үчүн зарыл болгон инже-

нердик техникалык системаларга жана жањы курулуш объекттерин камсыздоо

тармактарына милдеттүү талаптарды кайра кароо боюнча сунуштарды киргиз-

син.

12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
