# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №749 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш убактысынын узактыгы жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №749 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш убактысынын узактыгы жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 749
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59844>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13309/edition/399869/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59844.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №749 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш убактысынын узактыгы жөнүндө"токтому (15.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59844

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 31-декабры № 749

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Билим берүү уюмдарынын педагогикалык

кызматкерлеринин педагогикалык кадрлардын

квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш

убактысынын узактыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 379-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин педагоги-

калык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча жумуш убактысынын

узактыгы (эмгек акынын ставкасы үчүн педагогикалык иштердин саатынын

нормасы) тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык профессордук-окутуучулук курам

үчүн жумуш убактысынын нормаларын өзгөртүү менен байланышкан чыгымдар

2008-жылга квалификацияны жогорулатуу боюнча билим берүү уюмдарына ка-

ралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 31-декабрындагы

№ 749 токтомуна

тиркеме

Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин

педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу

боюнча жумуш убактысынын узактыгы (эмгек акынын

ставкасы үчүн педагогикалык иштердин

саатынын нормасы)

1. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлардын квалификациясын

жогорулатуу боюнча профессордук-окутуучулук курамына төмөнкүдөй узак-

тыктагы жумуш убактысынын нормалары белгиленет:

- окуу жылында окуу иштерине 640 саат - улук окутуучуларга (оку-

муштуулук даражасы жок) жана окутуучуларга (ассистенттерге);

- окуу жылында окуу иштерине 600 саат - улук окутуучуларга (оку-

муштуулук даражасы бар жана доценттерге);

- окуу жылында окуу иштерине 560 саат - профессорлорго.

2. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлардын квалификациясын

жогорулатуу боюнча окутуучуларынын педагогикалык иштери төмөнкүлөрдү

камтыйт:

- лекциялык, семинардык, лабораториялык, практикалык сабактарды,

көчмө семинарларды, консультацияларды, зачет жана экзамендерди кабыл

алууну, рефераттарды текшерүүнү, булардын жалпы көлөмү жылдык окуу

жүктөмүнүн 70 проценттен кем эмесин түзүүгө тийиш;

- магистранттарды, аспиранттарды, докторанттарды, илимий-усулдук

ишмердикти жетектөөнү, курстук иштерди жетектөөнү, булардын жалпы

көлөмү жылдык окуу жүктөмүнүн 30 процентине чейинкини түзүүгө тийиш.

3. Квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштурууда топтордун то-

лукталышы (угуучулардын саны) 25 адамдан кем эмес белгиленет.

4. Практикалык, семинардык жана лабораториялык сабактарды

өткөрүүдө окуу топторун саны 10-12 адамдан кем болбогон чакан топторго

бөлүүгө уруксат берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
