# Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрынын №553 "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы №154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрынын №553 "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы №154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 553
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13303/edition/328929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59837.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрынын №553 "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы №154 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59837

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2 008-жылдын 2-октябры № 553

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар

жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартындагы № 154 токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Иштин өзгөчө мүнөзүнө байланыштуу гарантиялар жана компенсаци-

ялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-мартында-

гы № 154 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Курулуштагы жумуштардын кыймылдуу мүнөзүнө байланыштуу кошумча акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө :

5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Жумуштун кыймылдуу мүнөзү үчүн кошумча акы суткасына 85 сом

өлчөмүндө төлөнөт.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыдырып иштегендиги

үчүн кошумча акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыдырып иштөөчү мүнөздөгү жумуштарга кошумча акы, эгерде жу-

муштан тышкаркы мезгилде уюм жайгашкан жерден же жыйналуу пунктунан

объекттеги иш ордуна барып кайра келүү убактысы бир күндө төмөнкүчө

болгондо гана төлөнөт:

а) суткада үч сааттан кем эмес болсо - суткасына 55 сом өлчөмүндө;

б) суткада эки сааттан кем эмес болсо - суткасына 35 сом өлчөмүн-

дө.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Талаада иштегендиги

үчүн акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жумушчуларга талаада иштегендиги үчүн акы төмөнкүчө төлөнөт:

а) талаа иштерин аткаруу объектилеринде (участкаларда) - суткасына

170 сом өлчөмүндө;

б) талаа уюмдары орношкон жерлерде - суткасына 70 сом өлчөмүндө.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
