# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 691
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13301/edition/328925/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-декабрындагы № 691 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59832

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-декабры № 691

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

Карањыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2009-жылдын 13-февралын-

дагы № 964-IV "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Респуб-

ликасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу

боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешин-

де каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга

дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

@1 Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1997-жыл, № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьянын 5-пунктчасы "банк операцияларын" деген сөздөрдөн

кийин ", жана банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин не-

гизинде" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен

толукталсын:

"Кыргыз Банкы банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине

ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар аткарышы үчүн милдеттүү норма-

тивдик актыларды чыгарууга, капиталдын адекваттуулугуна кошумча стан-

дарттарды, бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка карата ко-

шумча талаптарды, ошондой эле Шарияттык кењештин мүчөлөрү үчүн талап-

тарды белгилөөгө укуктуу.".

3. 20-статьянын 6-пунктчасы "эл аралык практикага" деген сөздөрдөн

кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери-

не ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 21-статья "эл аралык практикага" деген сөздөрдөн кийин ", анын

ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык" де-

ген сөздөр менен толукталсын.

5. 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац ме-

нен толукталсын:

"Кыргыз Банкы келишимдик негизде ислам банкына каражат бере

алат.".

6. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7. Кыргыз Банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезеси" бар

банктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежесин аныктайт жана банк ишинин

жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү

банктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бузушкан

учурда чара көрөт.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө

кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
