# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13299/edition/480769/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 175 "Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жаңгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (09.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59825

---

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 13-марты № 175

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жањгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жањгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 4-статьяларына ылайык Кыргыз Респуб- ликасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (арча, жањгак) конфискация-

ланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тиркелген тартиби бекитилсин.

2. Облустук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, Бишкек

жана Ош шаарларынын мэрлери бир айлык мөөнөттүн ичинде облустук мамле- кеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, облустук жана шаардык ички иштер, улуттук коопсуздук башкармаларынын органдарынын, жањгак жемиштүү токой экосистемаларын өнүктүрүүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоонун аймактык башкармаларынын, салык кызматынын жа- на соттук аткаруучулардын өкүлдөрүнөн өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жањгак жана арча) конфискацияланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачта- рын пайдалануу жана сатуу маселеси боюнча комиссияларды түзүшсүн.

3. Конфискацияланып (секвестирленип), "Кыргыз Республикасында өз-

гөчө баалуу (жањгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген күнгө карата айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу сактоосунда турган 186,3 куб метр көлөмдөгү жањгак жыгачы жана 3 тонна көлөмдөгү жањгак уюлу Өзгөчө баалуу дарак породаларынын (жањгак жана арча) конфискация- ланган тамырларын, уюлдарын жана жыгачтарын пайдалануунун жана сатуунун тартибине ылайык сатылууга жана пайдаланылууга тийиш.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр И.Чудинов
