Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 24-январы № 45
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы
Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди
которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык, жер
ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык
комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-
павловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республика-
сынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 58,82 га сугат
айдоону "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуш-
тардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
Абдылдаева Клара Сооронбаевнага - 4,1 га;
Абдылдаева Минура Сооронбаевнага - 3,3 га;
Абдылдаев Сооронбай Эргешовичке - 13,22 га;
Алиева Нарханым Шааисмаиловнага - 1,64 га;
Алиев Магамед Каптановичке - 2,05;
Алиева Фикирья Рыдвановнага - 2,05 га;
Жоробеков Майрамбек Дүйшөнбековичке - 6,02 га;
Жапаева Сайрагүл Жумалиевнага - 4,3 га;
Зубенко Николай Васильевичке - 2,46 га;
Маматов Адамкалийге - 2,05 га;
Өмүралиев Темиркул Танатаровичке - 0,82 га;
Садыкова Бактыгүл Усупбековнага - 8,2 га;
Сооронбай уулу Жоомартка - 8,61 га.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация-
сы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен
бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта
жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен
камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну
камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон