# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелинин № 271 "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелинин № 271 "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13297/edition/437145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелинин № 271 "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна жер участок берүү жөнүндө" токтому (29.06.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59821

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 30-апрели № 271

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кичи-Чаарат" жабык акционердик

коомуна жер участок берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-6,

384-беренелерине жана 27-главасына, Кыргыз Республикасынын

Жер кодексинин

4, 5, 8 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган. Жалал-Абад облусундагы Чаткал райо-

нунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 242,2 га жер участогун, анын ичи-

нен 8,3 га - сугат айдоону, 197,0 га - жайыттарды, 1,7 га кысыр ањыз-

дарды жана 35,2 га башка жерлерди "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коо-

муна "Куру-Тегерек" кенин иштетүү үчүн 2021-жылдын 31-декабрына чейин

иштетүү максатында кен пайдалануу укугуна 2008-жылдын 22-июлундагы № Аи

88-02 лицензиясына ылайык аталган жерлерди "Айыл чарба багытындагы жер-

лер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка

багыттагы жерлер" категориясына которуу менен берүү жөнүндө сунушу ка-

был алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик адми-

нистрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

"Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып ко-

юуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу-

нун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен

белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын

жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркынын суммасын

"Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомунун төлөшүн;

"Кичи-Чаарат" жабык акционердик коому тарабынан Кыргыз Республика-

сынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтү менен ушул токтомдун 1-пунктунда

аталган жер участокторго ижара келишимдерин түзүүнү;

колдонуудагы нормаларга жана эрежелерге ылайык долбоордук-сметалык

документтерди макулдашууну жана аларга экспертиза жүргүзүүнү камсыз

кылсын;

бөлүнүүчү жер участокто экологиялык жана техникалык коопсуздук,

кенди коргоо жана пайдалануу жагында эксперттик корутундулар менен тие-

шелүү долбоордук документтерди белгиленген тартипте иштеп чыгууну кам-

сыз кылууну "Кичи-Чаарат" жабык акционердик коомуна сунуштасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
