Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департамент жөнүндө»жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 1-июнундагы
№ 370 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу
жана кармоо боюнча департамент жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин милдеттери жана функциялары
III. Департаменттин ыйгарым укуктары
VI. Департаменттин ишин уюштуруу
V. Департаменттин мүлкү жана каражаттары
VI. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук
VII. Ишти токтотуу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын алдындагы Мамле-
кеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча департамент (мындан
ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ведомс-
тволук бөлүмчөсү болуп эсептелет.
2. Департамент мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана
аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик има-
раттарды жана жайларды пайдаланууну, кармоону жүргүзөт, ошондой эле
аларды тийиштүү түрдө санитардык-гигиеналык жана техникалык жакшы абал-
да пайдаланууну камсыз кылат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы-
нын алдындагы "Мамлекеттик административдик имараттарды пайдалануу жана
кармоо боюнча борбор" мамлекеттик ишканасынын укук мураскери болуп
эсептелет.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка нормативдик укуктук акты-
ларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин
чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана өзү-
нүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы түшүрүлгөн мөөргө ээ, өз
алдынча балансы, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде
операциялык эсептери, фирмалык бланкы бар, уюштуруу укуктук формасы
мамлекеттик мекеме болгон юридикалык жак болуп эсептелет.
6. Департаменттин финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык өз алдынча жүргүзүлөт.
7. Департаментти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды ижарага берүүдөн түшкөн
кирешелер;
- банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-
лактар.
8. Департамент өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлккө
карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чекте ээлик кы-
луу, пайдалануу жана тескөө укугун жүргүзөт.
9. Департаменттин толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
алдындагы Мамлекеттик имараттарды пайдалануу жана кармоо боюнча депар-
тамент";
- орус тилинде: "Департамент по использованию и содержанию госу-
дарственных зданий при Аппарате Правительства Кыргызской Республики".
II. Департаменттин милдеттери жана функциялары
10. Мамлекеттик имараттарды натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланууну,
кармоону, ошондой эле аларды тийиштүү түрдө санитардык-гигиеналык жана
техникалык жакшы абалда пайдаланууну камсыз кылуу Департаменттин негиз-
ги милдети болуп эсептелет.
11. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй фун-
кцияларды аткарат:
- мамлекеттик имараттарга жана жайларга Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин чечими боюнча мамлекеттик орган-
дарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмчөлөрүн жайгаштырат;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды натыйжалуу пайдалануу бо-
юнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бө-
лүмчөлөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик имараттардын жа-
на жайлардын реестрин (маалымат базасын) жүргүзөт;
- Мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда берилген имараттарды жана
жайларды мамлекеттик эсепке алууну мамлекеттик имараттардын жана жай-
лардын бирдиктүү республикалык фондун түзүү максатында жүргүзөт;
- мамлекеттик органдардын, алардын ведомстволук жана аймактык бө-
лүмчөлөрүнүн мамлекеттик имараттарды жана жайларды пайдалануусу боюнча
маалыматтар банкынын электрондук маалыматтык системаларын киргизет жана
жүргүзөт;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды сарамжалдуу жана максаттуу
пайдаланууну, ошондой эле аларды тиешелүү түрдө санитардык-гигиеналык
жана техникалык жакшы абалда пайдаланууну камсыз кылат;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды кармоону жана пайдаланууну
тейлөөнү камсыз кылат;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды сарамжалдуу пайдаланууга,
ошондой эле мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук жана аймактык
бөлүмчөлөрү ортосунда жумушчу аянттарды компакттуу бөлүштүрүүгө талдоо
жүргүзөт;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды тейлөө үчүн түзүлгөн ве-
домстволук түзүмдөрдүн ишин координациялайт жана контролдойт;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана пайдалануу чыгымдарын тө-
лөө жөнүндө жана жайлардын ижара акысын төлөө жөнүндө ведомстволук тү-
зүмдөр менен түзүлгөн келишимдерди бекитет;
- мамлекеттик органдарды Департаменттин ведомстволук бөлүмчөлөрү
тарабынан сервистик тейлөөсүн (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, мамле-
кеттик имараттарда жана жайларда иштөө шарттарын түзүүнү ж.б.) коорди-
нациялоону жүргүзөт;
- жеке жана юридикалык жактарга жайларды ижара келишиминин шартта-
рында берет жана мамлекеттик имараттарды жана жайларды ижарага берүүнүн
төлөмдөрүн жыйноону жүргүзөт жана алардын андан ары максаттуу чыгымда-
луусун камсыз кылат;
- финансылык-чарбалык ишти, ошондой эле мамлекеттик имараттарды
жана жайларды куруу жана оњдоо боюнча долбоордук-сметалык иштерди жүр-
гүзөт;
- мамлекеттик имараттарда жана жайларда оњдоо-калыбына келтирүү
жана пландык-алдын алуу иштерин өткөрөт;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды куруу, реконструкциялоо,
капиталдык жана учурдагы оњдоо боюнча заказчынын жана көтөрмөчүнүн фун-
кциясын аткарат;
- Департаменттин чарбалык-өндүрүштүк иши үчүн материалдарды, жаб-
дууларды, техниканы жеткирүү боюнча жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды кармоо боюнча материал-
дык-техникалык базаны түзүү үчүн инвестицияларды тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген иштин
башка түрлөрүн жүргүзөт.
III. Департаменттин ыйгарым укуктары
12. Алдыга коюлган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Де-
партамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды алардын абалын жакшыртуу
боюнча чараларды көрүү үчүн пландуу жана пландан тышкары техникалык ка-
роолорду өткөрүүгө;
- баланстык наркты тактоо жана зарыл болгондо укук белгилөөчү до-
кументтерди кайрадан тариздөө максатында мамлекеттик имараттарды жана
жайларды инвентаризациялоону жүргүзүүгө;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды энергиялык ресурстар менен
камсыз кылуучу техникалык жабдууларга ревизия жүргүзүүгө;
- мамлекеттик имараттарда жана жайларда жайгашкан мамлекеттик ор-
гандардан, менчигинин түрүнө карабай башка уюмдардан мамлекеттик има-
раттарды жана жайларды пайдалануу жана кармоо боюнча маалыматты же баш-
ка документтерди суроого;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды юридикалык жана жеке жак-
тарга ижарага бергенде ижара берүүчү же ижарага алуучу катарында болуу-
га;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды ижарага берүүдө акча кара-
жаттарынын өз убагында жана толук өлчөмдө түшүүсүн контролдоого;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды кармоонун жана пайдалануу-
нун чыгымдар сметасын бекитүүгө;
- зарыл болгондо мамлекеттик имараттарды жана жайларды тейлөөчү
түзүмдүк бөлүмчөлөрдү уюштурууга;
- Департаменттин кызматкерлерине консультация берүү жана окутуу
үчүн, ошондой эле Департаменттин квалификациялык иштерин жүргүзүү үчүн
адистерди келишимдик негизде таптууга;
- өзгөчөлөнгөн мүлккө оперативдүү башкаруу укугунда ээ болууга жа-
на пайдаланууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
- продукцияларды, товарларды, материалдык ресурстарды жана башка
мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-
терди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга.
IV. Департаменттин ишин уюштуруу
13. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча (мындан ары - Өкмөттүн Ап-
парат жетекчиси) Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу ме-
нен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
14. Департаменттин түзүмү, штаттык расписаниеси, Департаменттин
директорунун сунушу боюнча Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси тарабынан беки-
тилет.
15. Директордун орун басарлары жана Департаменттин башкы бухгалте-
ри Департаменттин директорунун сунушу жана Өкмөттүн Аппаратынын тейлөө-
чү бөлүмү менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан
кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
16. Департаменттин директору:
- Департаменттин ишин жетектейт жана Департаментке жүктөлгөн мил-
деттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн гана жоопкерчилик тартат;
- Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан
бошотот;
- Департаменттин кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин анык-
тайт;
- мамлекеттик, коомдук жана эл аралык жана башка уюмдар менен өз
ара мамилелерде Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюн-
ча Департаменттин атынан чыгат;
- кредиттерди тескөөчү болуп эсептелет жана Департаменттин финан-
сылык документтерине биринчи кезекте кол коюу укугуна ээ болот;
- Департаменттин атынан ишеним каттарды берет;
- Департаменттин жана түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн кызматкерлери үчүн
милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды, тескемелерди чыгарат, тапшыр-
маларды жана көрсөтмөлөрдү берет;
- ведомстволук бөлүмчөлөрдүн бухгалтерлерин жана инженерлерин да-
йындайт;
- Департаменттин кызматкерлерине эмгек акыны төлөөнү, сыйлоону жа-
на материалдык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Департаменттин келечек, жылдык жана учурдагы пландарын Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына бекитүүгө киргизет.
17. Департаменттин кызматкерлеринин иш режими жана эс алуусу,
аларды социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу Кыргыз Республика-
сынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
V. Департаменттин мүлкү жана каражаттары
18. Департаменттин мүлкү жана каражаттары анын балансында чагылды-
рылат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда берилген мамлекеттик има-
раттардан жана жайлардан, ошондой эле ага бекитип берилген негизги жана
анын ишинин натыйжасында түзүлгөн жүгүртүүчү каражаттардан турат.
19. Департаментке оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилген
мамлекеттик имараттардын жана жайлардын, ошондой эле башка мүлктүн мен-
чик ээси аларды алууга жана аларды өзү каалагандай тескөөгө укуктуу.
20. Департаменттин балансындагы мамлекеттик имараттарды жана жай-
ларды жана башка мүлктү өз алдынча күрөөгө коюуга Департаменттин укугу
жок.
VI. Эсепке алуу, пландоо жана отчеттуулук
21. Департамент өз ишин иш пландарынын негизинде жүргүзөт.
22. Департамент бухгалтердик эсепке алууну жана өзүнүн финансы-
лык-чарбалык ишинин натыйжаларынын отчеттуулугун Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
23. Салык салуу жана финансылык-экономикалык маалыматты жыйноонун
жана иштетүүнүн жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон
маалыматты Департамент мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарга берет.
24. Департаменттин өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык ишин конт-
ролдоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдө-
рү жүргүзөт.
VII. Ишти токтотуу
25. Департаментти кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Департаменттин иши токтогондо анын иш процессинде кабыл алын-
ган документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-июнундагы N 370 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апрелиндеги "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана…Постановление · 12.06.2009 · № 370 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон