Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердик коомдун директорлор кеңешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандоонун жана көрсөтүүнүн»тартиби)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 января 2013 года № 39 "Об отдельных вопросах в сфере государственно-частного партнерства в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-28.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-майындагы № 323 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлгөн акционердик коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандоонун жана көрсөтүүнүн ТАРТИБИ (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Ачык конкурс өткөрүү III. Коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды көрсөтүү IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Бул Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн чегинде түзүлгөн акционердик
коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандо- онун жана көрсөтүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республика- сынын акционердик коомдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн чегинде түзүлгөн акционердик ко-
омдун (мындан ары - акционердик коом) директорлор кењешинин курамына талапкерлер ачык конкурс жүргүзүү жолу менен тандалат.
3. Мамлекеттик кызматчылардын ичинен талапкерлерди тандоону Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн акционердик коомдун директор- лор кењешинин курамына көрсөтүү үчүн мамлекеттик кызматчыларды тандоо боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) жүргүзөт.
II. Ачык конкурс өткөрүү
4. Акционердик коом түзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү тарабынан кабыл алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен комиссия акционердик коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды тандоо боюнча конкурс (мындан ары - конкурс) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында бул жөнүндө маалыматты жарыялайт. Конкурс жүргүзүү жөнүндө маалымат башка жалпыга маалымдоо каражат- тарында жана Өкмөттүн Интернет-сайтында, аткаруу бийлигинин жергиликтүү органдарында кошумча жайгаштырылышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтарда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоордун аталышы;
- акционердик коом, анын максаттары жана милдеттери жөнүндө маалы-
мат;
- акционердик коомдун директорлор кењешинин курамына көрсөтүү үчүн
тандалуучу адамдардын саны (мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макул- дашуунун чегинде аныкталат);
- комиссия тарабынан аныкталуучу акционердик коомдун директорлор
кењешинин курамына кирүүгө талаптанган мамлекеттик кызматчыга квалифи- кациялык талаптар;
- коомдун директорлор кењешинин мүчөсү үчүн функционалдык милдет-
тер;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси;
- документтерди кабыл алуу жери жана мөөнөтү.
Кулактандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча маалыматты камтышы мүмкүн.
5. Конкурс төмөнкүдөй эки этапта жүргүзүлөт:
- квалификациялык талаптарга шайкеш келишинче (берилген документ-
тер боюнча);
- ањгемелешүү.
6. Комиссия документтерди кабыл алуу бүткөндөн кийин 3 иш күндүн
ичинде конкурстун катышуучуларынын документтерин карайт.
7. Конкурстун (ањгемелешүү) экинчи этабына биринчи этаптан өтүшкөн
катышуучулар чакырылат. Конкурстун этаптарын өткөрүү тартиби комиссия тарабынан аныкталат.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу
боюнча фонд ањгемелешүү өткөрүлгөнгө чейин 5 күндүн ичинде экинчи этапка өтүшкөн талапкерлерге боло турган күндү, убакытты жана ордун билдирет.
9. Комиссия ањгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдун
директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчылардан талапкерлерди тандайт.
10. Комиссия биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча акционердик коомдун
директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчылардан талапкерлерди тандоого укуктуу.
11. Конкурска катышууга байланыштуу чыгымдарды арыз берүүчү тар-
тат.
III. Коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчыларды көрсөтүү
12. Конкурстук комиссиянын сунушу боюнча Премьер-министр акционер-
дик коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызматчылардын талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу
боюнча фонд акционердик коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунда акционердик коомдун директорлор кењешинин курамына мамлекеттик кызмат- чылардын талапкерлерин көрсөтөт.
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
14. Комиссия анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан ачык добуш берүүсүнүн
жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
15. Эгерде талапкерлерге бирдей санда добуш берилсе, комиссиянын
төрагасы чечим кабыл алат.
16. Конкурс жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия чечимди талап-
керди катыштырбай кабыл алат.
17. Комиссиянын заседаниеси эгерде анын курамынын үчтөн эки
бөлүгүнөн кем эмеси катышканда укуктуу деп эсептелет.
18. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы протокол менен таризделет, ага
төрага жана анын заседаниесине катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
19. Жүргүзүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча комиссия Өкмөткө акци-
онердик коомдун директорлор кењешинин курамына көрсөтүүгө мамлекеттик кызматчылардын талапкерлигин көрсөтөт.
20. Директорлор кењешинин курамынан мамлекеттик кызматчы чыгып
кеткен учурда комиссия конкурсту кайрадан жүргүзүү жолу же мамлекет- тик-жеке өнөктөштүк жөнүндө аталган долбоордун чегинде конкурска катыш- кан адамдардын ичинен акционердик коомдун директорлор кењешинин курамы- на талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-майындагы №323 " Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн…Постановление · 27.05.2009 · № 323 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2013 · № 39 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.