Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн, макулдашууларды түзүүнүн»тартиби)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 января 2013 года № 39 "Об отдельных вопросах в сфере государственно-частного партнерства в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-01-28.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 27-майындагы
№ 323 токтому менен
бекитилген
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор
боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү
жүргүзүүнүн, макулдашууларды түзүүнүн
ТАРТИБИ
I. Жалпы жоболор
II. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо
III. Конкурстук комиссия
IV. Конкурска катышууга арыздарды берүү жана кабыл алуу
V. Конкурсту өткөрүү үчүн конкурстук документтердин мазмуну
VI. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоону өткөрүү
VII. Конкурска катышуу үчүн конкурстук сунуштарды баалоо
VIII. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнүн жарыяланышы
IX. Конкурстук тандап алуу жолу менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун
корутундусу
X. Түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун
корутундусу
I. Жалпы жоболор
1. Бул: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана/же аткаруу бийлигинин
жергиликтүү органы менен жана жеке адамдын же юридикалык жактын орто-
сундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурс-
тук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары -
Тартип) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 6-беренесине ылайык иштелип чыккан.
2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (мындан ары - МЖӨ) бардык долбо-
орлору үчүн жеке өнөктөр конкурстук тандоого катышуу аркылуу же тике
сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен тандалышат.
II. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү
жарыялоо
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) инвестиция-
лык долбоорлордун тизмесин аныктайт жана алар жөнүндө маалыматты жалпы
республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик жана расмий
тилдерде жарыялайт.
4. Инвестициялык долбоорлордун тизмеси жарыялангандан кийин Өкмөт,
аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы (мындан ары - заказчы) конкурс
өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жалпы республикалык жалпыга маалымдоо
каражаттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт жана заказчы-
нын расмий сайтына маалымат жайгаштырат.
5. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүнү жарыялоонун жана жайгаш-
тыруунун мөөнөтү конкурстук документтерде белгиленет жана конкурска ка-
тышуу жөнүндө арыздарды тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин 90 иш күндөн
кем болбоого тийиш.
6. Конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө
тийиш:
- конкурс өткөрүүнүн мыйзамдык негиздери;
- заказчынын аталышы, турган жери, почталык дареги, телефондорунун
номерлери, Интернеттеги расмий сайтынын дареги жана башка реквизиттери;
- макулдашуунун объектиси;
- макулдашуунун иштөө мөөнөтү;
- конкурстун катышуучуларына талаптар;
- конкурстун критерийлери жана алардын параметрлери;
- конкурстук документтерди тапшыруунун тартиби, орду жана мөөнөтү;
- конкурстун заказчысы конкурстук документтерди тапшыргандыгы үчүн
алчу акынын өлчөмү, эгер мындай акы белгиленген болсо, аны төгүүнүн
тартиби жана мөөнөтү;
- конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын турган жери, почталык даре-
ги, телефондорунун номерлери жана ал жөнүндө башка маалыматтар;
- конкурска катышууга арыздарды тапшыруунун тартиби, орду жана
мөөнөтү (бул мөөнөт башталчу жана бүтүүчү күн жана убакыт);
- конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү (бул
мөөнөт башталчу жана бүтүүчү күн жана убакыт);
- конкурска катышууга арыз салынган конверттерди ачуучу жер, күнү
жана убактысы;
- конкурстук сунуштар салынган конверттерди ачуучу жер, күнү жана
убактысы;
- конкурстун жењүүчүсүн аныктоонун тартиби;
- конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы
жөнүндө протоколго кол койчу убактысы;
- макулдашууга кол коюунун мөөнөтү.
III. Конкурстук комиссия
7. Конкурстук тандоо жүргүзүү үчүн заказчы конкурстук комиссия
түзөт.
8. Конкурстук комиссия Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жергиликтүү
органдарынын өкүлдөрүнөн, тийиштүү тармактагы адистерден түзүлөт.
9. Конкурстун жыйынтыгына жеке кызыкдар болгон жактар (анын ичинде
жеке конкурска катышууга арыз берген же андай арызды берген жактар ме-
нен эмгектик мамиледе турган жеке адамдар) же конкурстун катышуучулары
таасир эте алышы мүмкүн болгон жеке адамдар (анын ичинде юридикалык
жактардын катышуучусу (акционери), алардын башкаруу органдарынын
мүчөлөрү, конкурска катышуучулардын кредиторлору) болушкан жеке адамдар
конкурстук комиссияга мүчө боло алышпайт.
10. Конкурстук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес болууга ти-
йиш.
11. Конкурстук комиссиянын курамына конкурстук комиссиянын төрага-
сы, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары, конкурстук комисси-
янын катчысы жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү киришет.
12. Конкурстук комиссиянын жеке курамын заказчы бекитет.
IV. Конкурска катышууга арыздарды берүү
жана кабыл алуу
13. Конкурска катышууга арызды (мындан ары - арыз) берүүнүн
мөөнөтүн, арыздын формасын, мазмунун, талаптарын, конкурска катышуучу-
лар аларга карата коюлган талаптарга ылайыктыгын ырастачу документтер-
дин жана материалдардын курамын конкурстук комиссия мыйзамдын жана ушул
Тартиптин талаптарын эске алуу менен аныктайт.
14. Арыздар конкурс өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү белгиленген тар-
типте жарыяланган күндөн баштап бериле баштайт жана арыз салынган кон-
верттерди ачуу жол-жобосу башталаардын алдында токтотулат. Мында арызды
берүүнүн конкурстук документтерде белгиленген мөөнөтү конкурс
өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү белгиленген тартипте жарыяланган күндөн
баштап 90 иш күндөн кем эмес болууга тийиш.
15. Арыз конкурстук документтерде белгиленген форма боюнча жазуу
жүзүндө таризделүүгө тийиш.
16. Арыз мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада (түп нуска
жапа көчүрмө) таризделип, ар бири же конкурстук документтерде
көрсөтүлгөн санда арыз ээсинин колу менен күбөлөндүрүлөт жана конкурс-
тук документтерде белгиленген тартипте конкурстук комиссияга өзүнчө
чапталган конверт менен тапшырылат.
17. Конкурстун катышуучусунун баштапкы тандоонун атайын талаптары-
на ылайыктыгы жөнүндө маалыматты ырастачу документтер катары төмөнкүдөй
документтер тиркелет:
- конкурстун катышуучусунун макулдашуунун объектисине окшош объек-
ттер боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасынын толук
мүнөздөмөсүн камтыгандар;
- конкурстун катышуучусунун макулдашууну ишке ашыруу максатында
каражаттардын керектүү көлөмүн камсыздоого жарактуулугун жана инвести-
ция салууга даярдыгын жана (же) аталган максаттар үчүн жеке каржылоо
тартууга жарактуулугун ырастагандар.
Конкурстук документтерде конкурстун катышуучусу баштапкы тандоонун
атайын талаптарына ылайыктыгын ырастоочу кошумча башка жана (же) кон-
курстун катышуучусу арыз менен кошо тапшыруучу документтер белгилениши
мүмкүн.
18. Арызга конкурстун катышуучусу кол коюп күбөлөндүргөн катышуучу
тарабынан берилген документтердин жана материалдардын тизмеси тиркелет,
анын түп нускасы конкурстук комиссияда, көчүрмөсү конкурстун катышуучу-
сунда калат.
19. Конкурстук комиссияга берилген арыз берген датасы жана мезгили
(сааты жана мүнөтү) так көрсөтүлүп, катар номери коюлуп, арыздар журна-
лына катталууга тийиш.
20. Конкурстук комиссияга арыз берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каа-
лаган убакта конкурстун катышуучусу тарабынан өзүнүн арызын өзгөртүүгө
же кайрадан алууга жол берилет. Арызды өзгөртүү же аны кайра алуу
жөнүндө кабарлоо эгерде мындай өзгөртүү же кабарлоо арыздарды берүү
мөөнөтү аяктаганга чейин конкурстук комиссияга келип түшсө, анык деп
эсептелет.
21. Арыздарды берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстук комиссия-
га берилген арызы бар конверт ачылбайт жана берилген документтердин жа-
на материалдардын тизмеси менен кошо аларды берген конкурстун катышуу-
чусуна кайтарып берилет, тизмеге арызды алуудан баш тарткандыгы жөнүндө
белги коюлат.
22. Конкурстун бир катышуучусу бир гана арыз берүүгө укуктуу.
V. Конкурсту өткөрүү үчүн конкурстук
документтердин мазмуну
23. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзүү укугуна
конкурстук тандоо өткөрүү үчүн конкурстук документтер (мындан ары -
конкурстук документтер) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу-
ну түзүү жөнүндө долбоорду иштеп чыгуучу болуп эсептелген Өкмөт, атка-
руу бийлигинин жергиликтүү органы (мындан ары - заказ берүүчү) тарабы-
нан иштелип чыгат.
24. Конкурстук документтер төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) 1-бөлүм. "Киришүү", мында конкурстук документтердин мазмуну жа-
на бөлүмдөрдүн баяндалышы көрсөтүлөт.
2) 2-бөлүм. "Жалпы жоболор", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү укугуна конкурсту (мындан ары -
конкурс) өткөрүүнүн укуктук негизи;
- конкурстук документтерде колдонулуучу терминдер жана аныктама-
лар;
- заказчы, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишти жүргүзүү
жөнүндө макулдашуу түзүү укугуна конкурс өткөрүү боюнча конкурстук ко-
миссия (мындан ары - конкурстук комиссия);
- предмети, конкурсту өткөрүүнүн шарттары;
- конкурстун критерийлери жана конкурстун критерийлеринин мааниле-
ри;
- курамы жана баяндоолор, анын ичинде техникалык-экономикалык
көрсөткүчтөр, макулдашуунун объектти;
- макулдашуунун негизги шарттары;
- конкурстук документтерди берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү;
- конкурстук документтердин түшүндүрүүчү жоболорун берүүнүн тарти-
би жана мөөнөтү;
- конкурска катышуучулар берүүчү документтердин жана материалдар-
дын тизмеси жана мазмуну (анын ичинде алардын конкурстун катышуучулары-
на коюлуучу талаптарга шайкеш келүүсүн тастыктаган документтер жана ма-
териалдар), ошондой эле мындай документтерди жана материалдарды
берүүнүн формалары;
- конкурстук документтерди өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби.
3) 3-бөлүм. "Конкурска катышууга арыз берүү жана конкурстун каты-
шуучуларын алдын ала тандоо", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- конкурска катышууга арыздарды берүүнүн жана кабыл алуунун тарти-
би жана аларга коюлуучу талаптар, анын ичинде конкурска катышууга арыз-
дардын мазмунуна, формасына жана курамына коюлуучу талаптар;
- конкурска катышууга арыздарды берүүнүн орду жана мөөнөтү (датасы
жана бул мөөнөттүн башталган жана аяктаган убактысы көрсөтүлөт);
- конкурска катышууга арыздарды өзгөртүүнүн жана (же) кайра алуу-
нун тартиби жана мөөнөтү;
- конкурска катышууга арыздары бар конверттерди ачуунун тартиби,
орду, датасы жана убактысы;
- конкурска катышуучуларды алдын ала тандоону өткөрүүнүн тартиби
жана мөөнөтү, конкурска катышуучуларды алдын ала тандоону өткөрүү
жөнүндө протоколго кол коюнун мөөнөтү;
- алдын ала тандоого катышкан конкурстун катышуучуларына коюлуучу
талаптар, аларга ылайык конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоо
жүргүзүлөт;
- арыздарды талдоо үчүн комиссия тарабынан эксперттик топторду жа-
на (же) көз карандысыз эксперттерди тартуунун тартиби.
4) 4-бөлүм. "Конкурстук сунуштарды берүү жана баалоо", мында
төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- конкурстук сунуштарды берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү (дата-
сы жана бул мөөнөттүн башталган жана аяктаган убактысы көрсөтүлөт);
- конкурска катышуучулардын конкурстук сунуштарына коюлуучу талап-
тар, алар сунуштардын техникалык, финансылык, юридикалык бөлүктөрүнө
коюлуучу талаптарды, ошондой эле башка маселелер боюнча сунуштарды кам-
тышы мүмкүн;
- конкурстук сунуштарды өзгөртүүнүн жана (же) кайра алуунун тарти-
би жана мөөнөтү;
- конкурстук сунуштар бар конверттерди ачуунун тартиби, орду, да-
тасы жана убактысы;
- конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун тартиби, анын
ичинде конкурстук сунуштарды баалоонун критерийлери;
- конкурстук сунуштарды талдоо үчүн конкурстук комиссия тарабынан
эксперттик топторду жана (же) көз карандысыз эксперттерди тартуунун
тартиби;
- конкурстун жењүүчүсүн аныктоонун тартиби;
- конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун натыйжалары
жөнүндө протоколго кол коюунун мөөнөтү;
- макулдашууну түзүү боюнча милдеттенмелерди жана конкурстун каты-
шуучусу конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жењүүчүсү деп табылган
учурда макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуусун
тастыктаган документтерди берүү жөнүндө талаптарды аткарууну конкурстун
катышуучусу тарабынан камсыз кылуусунун ыкмалары.
5) 5-бөлүм. "Макулдашууну түзүү", мында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- конкурстун жењүүчүсү менен же макулдашуу түзүүгө укугу бар башка
адам менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн тартиби;
- макулдашуу боюнча милдеттенмелерди өнөктөш тарабынан аткаруусун
камсыз кылуунун ыкмаларын көрсөтүү;
- макулдашууну түзүүнүн тартиби жана мөөнөтү.
6) 6-бөлүм. "Конкурстук комиссия", мында конкурстук комиссия
жөнүндө жобо камтылат.
7) 7-бөлүк. "Тиркемелер".
Конкурстук документтердин бөлүмдөрү негизги тексттен жана ага тир-
кемеден турат. Бардык тиркемелер конкурстук документтердин ажырагыс
бөлүгү болуп эсептелет.
25. Конкурстук документтерге мыйзамдарга карама-карыш келбеген
башка бөлүмдөр жана жоболор киргизилиши мүмкүн.
Конкурстук документтер макулдашуунун долбоорун да камтышы мүмкүн.
VI. Конкурстун катышуучуларын алдын ала
тандоону өткөрүү
26. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоо конкурстун катышуу-
чуларын алдын ала тандоонун талаптарына шайкеш келген конкурстун каты-
шуучуларын аныктоо максатында өткөрүлөт, алар конкурстук сунуштарды
берүүгө укук алышат. Конкурстун катышуучуларын алдын ала тандоонун та-
лаптары ушул Жобого ылайык конкурстук документтерде белгиленет.
27. Конкурстун катышуучусу алдын ала тандоонун төмөнкүдөй жалпы
талаптарына шайкеш келүүгө тийиш:
- белгиленген тартипте каттоонун бар болушу, ага карата башталган
жоюу жол жобосунун жоктугу;
- акыркы беш жыл ичинде ага карата башталган жана (же) жүргүзүлгөн
банкрот кылуу жол жобосунун жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын бардык дењгээлиндеги бюджетинин алдында
же каалагандай бюджеттен тышкаркы фонддун алдында акыркы календардык
жылдын аягына карата акыркы отчеттук мезгил үчүн аныкталуучу конкурстун
катышуучусунун активине карата проценттик катышта эсептелүүчү Өкмөт та-
рабынан аныкталган чоњдуктан ашык өлчөмдөгү салык, жыйымдар же башка
милдеттүү төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу. Эгерде ал мындай карызга
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каршы болсо
жана арызды кароо датасына карата мындай талаш боюнча мыйзамдуу күчүнө
кирген сот чечими жок болсо, же конкурстун катышуучусунун пайдасына че-
чилген чечим бар болсо, конкурстун катышуучусу бул талапты аткарган бо-
луп эсептелет.
- конкурсту даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди
чечүүгө катышпоосу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун ылайык, келишим-
дик милдеттенмелер же сот чечимдери менен конкурска катышуу же мамле-
кеттик заказ боюнча товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү укугунан
ажыратылбагандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан узактыгы аныкталуучу
акыркы мезгилдин ар бир жылы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-
нан аныкталган чоњдукка эквиваленттүү жылдык жүгүртүүнүн, активдердин
бар болушу;
- акыркы эки жылдын ар бир жылына карата иштен таза кирешенин (са-
лык төлөгөндөн кийин) бар болушу;
- конкурстук документтерде белгиленген конкурска катышууга тыюу
салуу шарттарына туура келбөөсү;
- макулдашуу объектине окшош объекттерге карата долбоорлорду өз
алдынча же башка жактар менен биргелешип ишке ашырууда катышуучу болуп
ишке ашыруу боюнча тажрыйбасынын бар болушу;
- долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө бу-
зууларсыз, анын ичинде заемдук каражаттардын эсебинен каржылоо;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк схемасы боюнча долбоорлорду ишке
ашыруу үчүн мамлекеттик эмес каржылоону тартуу тажрыйбасынын бар болу-
шу.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө Өкмөттүн, аткаруу бийлигинин жерги-
ликтүү органдарынын катышуусунун формаларынын жана макулдашуунун объек-
тисинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен конкурстук документтерде алдын
ала тандоонун башка жана (же) кошумча талаптар, анын ичинде финансылык,
пайдалануу, юридикалык жана техникалык талаптар белгилениши мүмкүн.
28. Алдын ала тандоо төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- конкурстук документтерде белгиленген талаптарга арыздардын шай-
кеш келүүсүн аныктоо;
- конкурстук документтерге ылайык конкурстун катышуучуларына кою-
луучу алдын ала тандоонун талаптарына (мындан ары - талаптар) конкурс-
тун катышуучуларынын шайкеш келүүсүн аныктоо.
29. Алдын ала тандоо конкурстук документтерде көрсөтүлгөн
мөөнөттө, бирок арыз жазылган конверт ачылган күндөн тартып 14 жумушчу
күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
30. Алдын ала тандоону өткөрүү үчүн конкурстук комиссия көз каран-
дысыз эксперттерди жана (же) эксперттик топторду тартууга укуктуу.
31. Арыздарды кароодо конкурстук комиссия арызда көрсөтүлгөн маа-
лыматтардын тууралыгын текшерет.
32. Конкурстун катышуучусу арыздын курамында толук эмес же ишенич-
сиз маалыматтарды берген учурда конкурстун катышуучусун коюлган талап-
тарга шайкештигин ырастоо максатында конкурстук комиссия конкурстун ти-
ешелүү катышуучусунан ал берген арыз боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмө
(мындан ары - суроо-талап) берүүнү талап кылууга укуктуу. Конкурстун
катышуучусунан арыздын жоболоруна карата түшүндүрмө алуу боюнча кон-
курстук комиссиянын суроо-талабы конкурстун катышуучусунун арызында
көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча бергендиги жөнүндө билдирүү менен за-
каздык кат же арызда көрсөтүлгөн факстын номери боюнча факсимилдик бай-
ланыш аркылуу бергендиги жөнүндө билдирүү менен жиберилет. Конкурстук
комиссиянын суроо-талабы эгерде талапта башка мөөнөт каралбаса, алган
күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде конкурстун катышуучусу тарабынан
каралууга жана аткарылууга тийиш. Конкурстун катышуучусу арызды
түшүндүрүү жөнүндө конкурстук комиссиянын суроо-талабын көрсөтүлгөн
мөөнөттө аткарбаган учурда конкурстук комиссия арыздын курамында берил-
ген маалыматты толук эмес жана (же) ишеничсиз деп таанууга жана кон-
курстун катышуучусун коюлган талаптарга шайкештигин таануудан баш тар-
туу чечимин кабыл алууга укуктуу.
33. Арыздарды кароонун жыйынтыктары боюнча конкурстук комиссия ал-
дын ала тандоого катышкан конкурстун ар бир катышуучусу боюнча төмөнкү
чечимдердин бирин кабыл алат:
- конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга конкурстун катышу-
учусунун шайкештигин жана алдын ала тандоодон өткөндүгүн таануу
жөнүндө;
- конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга конкурстун катышу-
учусунун шайкештигин таануудан баш тартуу жана аны алдын ала тандоодон
өтпөгөндүгүн таануу жөнүндө.
Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптарга конкурстун катышуу-
чусунун шайкештигин таануудан баш тартуу жөнүндө чечим конкурстук ко-
миссия тарабынын төмөнкү учурларда кабыл алынат, эгерде:
- алдын ала тандоого катышкан конкурстун катышуучусу конкурстун
катышуучуларына коюлган талаптарга ылайык келбесе;
- арызы коюлган талаптарга ылайык келбесе;
- алдын ала тандоого катышкан конкурстун катышуучуларына берилген
документтер жана материалдар толук эмес жана (же) ишеничсиз болсо.
34. Алдын ала тандоону өткөрүүнүн жыйынтыктарынын негизинде кон-
курстук комиссия алдын ала тандоону өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
протоколду (мындан ары - протокол) тариздешет, ал өзүнө конкурстун ар
бир катышуучулары боюнча конкурстук комиссиянын кабыл алынган чечимин
негиздөө менен алдын ала тандоодон өткөн жана конкурстук сунуштарды
берүү укугуна ээ болгон конкурстун катышуучуларынын маалыматтарын,
ошондой эле алдын ала тандоодон өтпөгөн жана конкурстук сунуштарды
берүү укугу жок конкурстун катышуучуларынын маалыматтарын камтыйт.
Алдын ала тандоонун жана конкурстук комиссиянын кабыл алынган че-
чимдеринин жыйынтыктары жөнүндө конкурстук комиссиянын мүчөлөрү прото-
колго кол койгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде конкурстун ка-
тышуучуларына билдирүү жиберилет. Мында аларга төмөнкү документтер
жөнөтүлөт:
- алдын ала тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына конкурстун
тиешелүү катышуучусун алдын ала тандоодон өткөндүгүн таануу тууралуу
чечимди камтуучу протоколдун көчүрмөсү жана конкурстук сунуштарды кир-
гизүү укугун берүү жөнүндө билдирүү жиберилет;
- алдын ала тандоодон өтпөгөн конкурстун катышуучуларына конкурс-
тун катышуучусунун коюлган талаптарга шайкештигин таануудан баш тартуу
тууралуу чечимди камтуучу протоколдун көчүрмөсү жана конкурстун катышу-
учусун аны алдын ала тандоодон өтпөгөндүгүн таануу жөнүндө чечим жибе-
рилет.
VII. Конкурска катышуу үчүн конкурстук
сунуштарды баалоо
35. Конкурска катышуу үчүн конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо
конкурстук документтерде белгиленген конкурстун критерийлерине конкурс-
тук сунуштун шайкештигин аныктоо жана конкурстук сунуштарында камтылган
конкурстун жењүүчүсүн аныктоо үчүн шарттарды салыштыруу максатында кон-
курстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
36. Конкурстун критерийлери жана конкурстун критерийлеринин маани-
си конкурстук сунуштарды баалоо үчүн мыйзамдардын жана ушул Тартиптин
талаптарын эске алуу менен конкурстук документтерде белгиленет.
37. Конкурстук документтер конкурстун төмөнкү критерийлерин камты-
шы мүмкүн:
- макулдашуу объектисинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн;
- макулдашуу объектисин түзүү жана (же) реконструкциялоо мөөнөтүн;
- макулдашуу объектисинин өнөк берүүчү сапатынын кепилдигин;
- макулдашууну аткаруу максатында Өкмөт, аткаруу бийлигинин жерги-
ликтүү органдары тарабынан берилүүгө тийиш болгон каржылоо көлөмү, мүлк
же мүлк укуктарынын тизмеси;
- макулдашууну аткаруу үчүн тартылууга тийиш болгон өнөктүн кара-
жаттарынын көлөмүн;
- макулдашуу боюнча өнөктүн өз милдеттенмелерин аткарууну камсыз-
доону;
- макулдашууда каралган ишти аткарууда чыгарылган товарларга, ат-
карылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга чектик бааларды (тариф-
терди), ушундай бааларга (тарифтерге) үстөктөрдү;
- өнөк өзүнө алуучу тобокелдиктерди;
- конкурстук документтерде каралган башка критерийлерди.
38. Ар бир конкурстук сунуш конкурстук сунушту тариздөө жана доку-
менттерди жана маалыматты толук берүү боюнча конкурстук документтердин
талаптарына шайкештигине текшерилүүгө тийиш.
Конкурстун катышуучусу конкурстук сунуштун курамында толук эмес же
ишеничсиз маалыматтарды берген учурда конкурстук комиссия конкурстун
тиешелүү катышуучусунан анын конкурстук сунушу боюнча жазуу жүзүндө
түшүндүрмө берүүнү талап кылууга укуктуу. Конкурстук комиссиянын кон-
курсун катышуучусунун анын конкурстук сунушунун жоболорун түшүндүрүү
жөнүндө суроо-талабы конкурстун катышуучусунун конкурстук сунушуна кош-
тоочу катында көрсөтүлгөн почталык дарек боюнча бергендиги жөнүндө бил-
дирүү менен заказдык кат же конкурстун катышуучусунун конкурстук суну-
шуна коштоочу катында көрсөтүлгөн факстын номери боюнча факсимилдик
байланыш аркылуу бергендиги жөнүндө билдирүү менен кийин заказдык кат
жөнөтүү менен жиберилет. Конкурстук комиссиянын суроо-талабы конкурстун
катышуучусу тарабынан тапшыруу жөнүндө билдирүүдө же көрсөтүлгөн почта-
лык дарек боюнча конкурстун катышуучуларынын өкүлдөрү жок болгондугуна
байланыштуу корреспонденцияны тапшыруу мүмкүн эместиги жөнүндө бил-
дирүүдө көрсөтүлгөн конкурстун катышуучусунун почталык дареги боюнча
кат келип жеткен күнү алынган деп эсептелинет. Конкурстук комиссиянын
суроо-талабы конкурстун катышуучусу тарабынан суроо-талапта башка
мөөнөт белгиленбесе алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде ка-
ралууга жана аткарылууга тийиш. Суралган документтер көрсөтүлгөн
мөөнөттө берилбеген же конкурстун катышуучусунун конкурстук сунушундагы
маалыматтардын туура эместиги белгиленген учурда мындай конкурстук су-
нуш конкурстук комиссия тарабынан баалоого жатпайт.
Конкурстук сунуштун конкурстук документтердин талаптарына шайкеш
келбестиги жөнүндө чечим конкурстук комиссия тарабынан төмөнкү учурлар-
да кабыл алынат:
- конкурстук документтерде белгиленген талаптарга конкурстук су-
нуштун шайкештигин ырастоочу жана конкурстук сунушта камтылган маалы-
матты ырастоочу конкурстук документтерде каралган документтер жана ма-
териалдар конкурстун катышуучусу тарабынан берилбесе;
- конкурстун катышуучусу берген документтер жана материалдар туура
эмес болсо.
39. Конкурстук документтерге ылайык берилген конкурстук сунуштарды
баалоо конкурстук сунуштарды алардын комплекстик баалоосунун жыйынтык-
тарынын жана аларда камтылган шарттардын пайдалуу даражасы боюнча са-
лыштыруунун негизинде рангга бөлүү аркылуу конкурстук комиссия тарабы-
нан жүргүзүлөт. Ар бир баалануучу конкурстук сунуш боюнча конкурстук
комиссия рейтинг (тизмедеги орун) ыйгарат. Конкурстун жењүүчүсү кон-
курстук комиссиянын корутундусу боюнча эњ жагымдуу шарттарды сунуштаган
конкурстун катышуучусу таанылат. Эгерде эки же андан көп конкурстук су-
нуш бирдей жакшы шарттарды камтыса (бирдей рейтинг) көрсөтүлгөн кон-
курстун катышуучуларынын арасынан конкурстук комиссияга конкурстук су-
нушу биринчи киргизген конкурстун катышуучусу жењүүчү деп таанылат.
40. Конкурстук сунуштарды кароодо жана баалоодо конкурстук комис-
сия тарабынан түзүлгөн көз карандысыз эксперттердин же эксперттик топ-
тун пикирин көњүлгө алууга конкурстук комиссия укуктуу.
41. Конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун жыйынтыктары бо-
юнча конкурстук комиссия конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо боюнча
төмөнкүлөрдү камтуучу протоколду тариздейт:
- конкурстук документтерде белгиленген конкурстун критерийлерине
конкурстук сунуштардын шайкеш эместиги жөнүндө конкурстук сунуштарга
карата чечим кабыл алынган конкурстук сунуштарды көрсөтүү менен кон-
курстук сунуштарды кароонун жыйынтыгын;
- конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгын;
- конкурстун жењүүчүсүнүн аталышы жана жайгашкан жери, конкурстун
катышуучусун конкурстун жењүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комис-
сия тарабынан кабыл алынган чечимдин негиздемесин.
42. Конкурстук сунуштарды кароонун жана баалоонун протоколу кон-
курсту өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жарыялоо үчүн каралган тартипте кон-
курстук сунуштарды кароо мөөнөтү бүткөндөн күндөн тартып он жумушчу
күндүн ичинде жарыяланууга тийиш. Конкурстун катышуучуларына конкурстук
сунуштарды кароонун жана баалоонун жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү
билдирүү жиберилиши мүмкүн.
43. Эгерде конкурстук сунуштарды кароонун жыйынтыктары боюнча кон-
курстук комиссия конкурстук документтерде белгиленген конкурстун крите-
рийлерине бир да конкурстук сунуш шайкеш келбесе конкурс жараксыз деп
таанылат.
44. Конкурстук сунуштарды конкурстук комиссия тарабынан кароонун
жана баалоонун мөөнөтү конкурстук документтерде белгиленет жана кон-
курстук сунуштар конверти ачылган учурдан тартып 60 күндөн ашпашы ке-
рек.
VIII. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө
билдирүүнүн жарыяланышы
45. Конкурс өткөндөн кийин өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө бил-
дирүү жалпы республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат
жана заказчынын расмий сайтында жайгаштырылат.
46. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүү конкурсту
өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлган он жумушчу
күндүн ичинде же белгиленген тартипте конкурстун болбой калганын жарыя-
лоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы конкурстук комиссия тарабынан жары-
яланат.
47. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө билдирүүдө конкурс-
тун жењүүчүсүнүн же бул чечимди негиздөө менен конкурстун болбой калга-
нын жарыялоо жөнүндө чечимдин аталышы (юридикалык жак үчүн) же аты-жөнү
(жеке жак үчүн) көрсөтүлөт.
IX. Конкурстук тандап алуу жолу менен МЖӨ жөнүндө
макулдашуунун корутундусу
48. Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жењүүчү менен МЖӨ
жөнүндө макулдашуу түзүлөт.
49. МЖӨ жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 20 күн ичинде
заказчы өзүнүн расмий Интернет-сайтында түзүлгөн макулдашуу жөнүндө ма-
алыматты жана макулдашуунун бөлүгү болуп саналган бардык тиркемелерди
кошкондогу толук текстин жайгаштырат.
X. Түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ жөнүндө
макулдашуунун корутундусу
50. Жеке жана юридикалык жактар Өкмөт, аткаруу бийлигинин жерги-
ликтүү органы менен түз сүйлөшүүлөр жолу менен МЖӨ демилгечиси болуп
чыгууга укуктуу.
51. Жеке жана юридикалык жактар заказчынын кароосуна МЖӨ жөнүндө
долбоорлор боюнча сунуштарды берет. Сунуш кылынган документтер бул Тар-
типтин IV жана V бөлүмдөрүндө каралган конкурстук документтерге коюлуу-
чу талаптарга шайкеш келиши керек.
52. Заказчы бул арыздарды баалайт, эгерде алардын техникалык-эко-
номикалык негиздемелери, ошондой эле арыздардын техникалык жана финан-
сылык мүнөздөмөлөрү Өкмөт белгилеген критерийлерге шайкеш келсе, - арыз
берүүчү менен макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
53. Макулдашуу шарты боюнча консенсус абалында болсо тараптар МЖӨ
жөнүндө макулдашуу түзүшөт.
54. МЖӨ жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып 20 күн ичинде
заказчы өзүнүн расмий Интернет-сайтында түзүлгөн макулдашуу жөнүндө ма-
алыматты жана макулдашуунун бөлүгү болуп саналган бардык тиркемелерди
кошкондогу толук текстин жайгаштырат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-майындагы №323 " Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорлор боюнча конкурстук тандоону жана тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн…Постановление · 27.05.2009 · № 323 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2013 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2012 · № 513 · Күчүн жоготкон