# (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө") жобосу

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө") жобосу
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 742
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2476/edition/1115237/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө") жобосу (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59801

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармалыгынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана мате- риалдык колдоо боюнча фонд (мындан ары - Атайын фонд) "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясына ылайык түзүлөт.

2. Атайын фонд жазык-аткаруу системасынын (мындан ары - ЖАС) меке-

мелеринин, ишканаларынын жеке өндүрүштөрүн өнүктүрүү, соттолгондорду эмгекке тартуу жана коомдук маанилүү кесиптер боюнча аларды окутуу, соттолгон жана кайтарууга камалган адамдарды кармоо шарттарын жакшыр- туу, ЖАС органдарынын жана мекемелеринин социалдык чөйрөлөрүн өнүктүрүү, айрым мекемелерге жана ишканаларга финансылык жардам көрсөтүү үчүн түзүлөт.

3. Атайын фонддун каражаты Кыргыз Республикасынын Финансы минист-

рлигинин Борбордук казначылыгында Кыргыз Республикасынын Юстиция ми- нистрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын (мындан ары - Жа- заларды аткаруу башкы башкармалыгы) борбордоштурулган атайын эсебинде топтолот.

II. Атайын фондду түзүү булактары жана тартиби

4. Атайын фонд төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- мекемелердин жеке өндүрүш иштеринин кирешелеринен 20 пайыз

өлчөмүндө которуулардын;

- Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын ишканаларынын, мекемеле-

ринин чарбалык эсептеги участкаларынын, механикалаштырылган көчмө ко- лонналарынын пайдасынан 20 пайыз өлчөмүндө;

- жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын мекемелеринин

биргелешкен иши тууралуу келишимдерге ылайык өлчөмдөрдө биргелешкен ишканалардын, өндүрүштөрдүн которууларынан;

- (Бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511

токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- уюмдардын, коомдук уюмдардын жана жарандарын ыктыярдуу кайрымду-

улуктарынан. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык)

5. Атайын фондду түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та-

рабынан жүргүзүлөт.

6. Атайын фондго каражат которуу үчүн Жазаларды аткаруу башкы баш-

кармалыгы мыйзамда белгиленген тартипте атайын каражаттар боюнча учур- дагы эсепти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгында ачат.

III. Атайын фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби

7. Атайын фонддун каражаттары төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:

- Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринин жеке

өндүрүшүн, мекемелеринин ишканаларын, механикалаштырылган көчмө колон- наларын кењейтүүгө, өндүрүш участкаларын түзүүгө, технологиялык жабдуу- ларды сатып алууга, ошондой эле Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын мекемелеринин ишканаларынын материалдык-техникалык базаларын чыњдоого (компьютердик, көбөйтүүчү техникаларды, байланыш каражаттарын, транс- порттук каражаттарды, инвентарларды, материалдарды жана башкаларды са- тып алуу жана жањыртуу, аларды тейлөө жана ремонттоо);

- айрым мекемелерге жана мекемелердин ишканаларына финансылык жар-

дам көрсөтүүгө;

- турак жай, дарылоо жана ден соолукту чыњдоо мекемелерин курууга

үлүштүк катышууга, турак жай сатып алууга, кызматтык имараттардын капи- талдык жана учурдагы ремонтуна жана ЖАСтын персоналдарынын эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртуу боюнча башка чыгымдарга;

- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык)

8. Атайын фонддун каражатын чыгымдоо Жазаларды аткаруу башкы баш-

кармалыгынын жетекчилиги бекиткен чыгымдардын сметасына жана иш жүзүндө түшкөн кирешелерге ылайык жүргүзүлөт.

9. Атайын фонддун каражатын тескөөчү болуп Жазаларды аткаруу башкы

башкармалыгынын начальниги же өндүрүш ишин тейлөөчү анын орун басары болуп эсептелет.

10. Отчеттук жылдын аягына калган Атайын фонддун каражатынын кал-

дыгы Атайын фонддун келерки жылдагы эсебине өткөрүлөт.

11. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын финансы кызматы кара-

жаттарды түзүү (келип түшүү), бөлүштүрүү эсебин алып барат жана Атайын фонддун каражаты боюнча отчет берет, белгиленген тартипте бекитилген сметалык дайындоолорго ылайык каражатты максаттуу пайдалануу үчүн конт- роль жүргүзөт.
