# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 286 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин атайын каражаттары жөнүндө"жобосу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 286 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин атайын каражаттары жөнүндө"жобосу
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59798>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2474/edition/328893/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59798.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы № 286 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин атайын каражаттары жөнүндө"жобосу (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59798

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 8-майындагы

№ 286 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик

агенттиктин атайын каражаттары жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-

луш боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкурулуш) атайын ка-

ражаттары (мындан ары - атайын каражаттар) жөнүндө жобо "Кыргыз Респуб-

ликасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын

28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде

турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүн-

дө" токтомуна ылайык Мамкурулуштун ишинин материалдык-техникалык база-

сын жакшыртуу, дем берүү жана зарыл шарттарды түзүү максатында иштелип

чыккан.

II. Каржылоону камсыздоо боюнча булактар

2. Атайын каражаттар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- Мамкурулуштун өзүн өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принципте-

ринде иш жүргүзгөн ведомстволук жана аймактык түзүмдөрүнүн тапкан пай-

дасынан 10 процент өлчөмүндөгү квартал сайын чегерүүлөрдүн;

- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, анын

ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чет өлкөлүк

жана башка түшүүлөрдүн.

3. Атайын каражаттар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

уруксаты болгондо гана түзүлөт.

4. Мамкурулуштун атайын каражаттары Мамкурулуштун Кыргыз Республи-

касынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгындагы атайын эсебин-

де топтолот.

III. Атайын каражаттарды пайдалануу

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекиткен чыгымдар

сметасына ылайык атайын каражаттарды тескөөчү болуп Мамкурулуштун ди-

ректору эсептелет.

6. Атайын каражаттар төмөнкүлөргө пайдаланылат:

- илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук, шаар куруу жана дол-

боордук иштерди жүргүзүүгө, ушул иштер үчүн жабдууларды, приборлорду

жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга кеткен сар-

птоолорду каржылоого;

- жањы жана жањыланган продукцияларды, конструкцияларды жана мате-

риалдарды даярдоого жана өздөштүрүүгө, тажрыйба үлгүлөрүн даярдоого,

эксперименттик объекттерди курууга, прогрессивдүү технологиялык процес-

стерге;

- Мамкурулуштун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюн-

ча окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө;

- Мамкурулуштун кызматкерлерине дем берүүгө (бир жолу берилүүчү

материалдык жардам көрсөтүүгө);

- келишимдик негизде адистерди, эксперттерди тартууга;

- программдык камсыздоону, компьютердик жана көбөйтүүчү техниканы,

байланыш каражаттарын, кызматтык транспорт каражаттарын жана аларга за-

пастык тетиктерди сатып алууга, жабдууларды, инвентарды, материалдарды

сатып алууга, негизги каражаттардын күнүмдүк оњдоолоруна;

- жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө, тегерек столдорду,

илимий-техникалык конференцияларды өткөрүүгө;

- Мамкурулуштун ишинин инновациялык багытын, материалдык-техника-

лык базасын өнүктүрүүнү караган башка максаттарга.

IV. Эсепке алуунун жана отчет берүүнүн тартиби

7. Мамкурулуш топтолгон атайын каражаттардын келип түшүүсүн жана

бөлүштүрүлүшүн эсепке алууну жүргүзөт жана атайын каражаттардын пайда-

ланылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду белгиленген тартипте

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына

берип турат.

8. Мамкурулуш атайын каражаттарга Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рында каралган өлчөмдө салык төлөйт.

9. Мамкурулуш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-ав-

густундагы N 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган

мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" ток-

томун жетекчиликке алат.
