# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59790>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13287/edition/440173/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59790.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №11 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтому (27.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59790

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 11-январы № 117

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды асырап алуу

жол-жоболорун тартипке келтирүү, ушул маселе боюнча Кыргыз Республика-

сынын нормативдик укуктук базасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Респуб-

ликасынын Үй-бүлөлүк кодексинин 130-беренесине ылайык Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы №

121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жаран-

дарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эре-

желери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз

Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап

алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндө

жобонун "Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген балдарды чет

өлкөлүк жарандардын асып алуусу" деген 3-бөлүмү күчүн жоготту деп та-

былсын.

2. Кыргыз Республикасынын балдарын чет өлкөлүк жарандардын жана

жарандыгы жок адамдардын асырап алуусу Кыргыз Республикасынын чет мам-

лекет менен эл аралык келишими болгондо гана ишке ашырылаары белгилен-

син.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бел-

гиленген тартипте 2009-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө балдарды асы-

рап алуу тартибин жөнгө салуучу жоболорду өркүндөтүү боюнча сунуштарды

киргизишсин.

4. Балдарды асырап алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын облус-

тук жана райондук мамлекеттик администрация башчыларына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ви-

це-премьер-министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
