# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы №190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы №190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 190
- Кабыл алынган күнү: 25.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59785>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13283/edition/650902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59785.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-мартындагы №190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (06.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59785

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 6-апрели № 197 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 25-марты № 190

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы

№ 372 "Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу

бийлигинин мамлекеттик органдарынын карамагындагы

мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматкерлердин

категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн

шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борборунун кызматкерлерине

эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке салуу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 372

"Мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик

органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызмат-

керлердин категорияларына кирбеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн

шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 5-1 тир-

кеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пункту менен аныкталган эмгек акы төлөөнүн жањы

шарттарын киргизүүнү 2009-жылга республикалык бюджеттен каралган кара-

жаттардын чегинде жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө жобону

уюштуруу-укуктук формага ылайык келтирүү тууралуу Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун эки айлык мөөнөттө белгиленген тар-

типте киргизсин.

3. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 25-мартындагы

№ 190 токтомуна

тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын "11-июлундагы

№ 372 токтомуна

№ 5-1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий

борборунун кызматкерлеринин

КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ

| № | Кызматтын аталышы | Кызматтык |
| --- | --- | --- |
|  |  | маяналар |
|  |  | (сом менен) |
| 1 | Башкы директор | 8000 |
| 2 | Башкы директордун орун басары | 7400 |
| 3 | Юрист | 4500 |
| 4 | Бөлүмдүн начальниги | 6800 |
| 5 | Башкы режиссер | 6200 |
| 6 | Сектор башчысы | 5800 |
| 7 | Башкы бухгалтер | 5800 |
| 8 | Бухгалтер | 4200 |
| 9 | Кассир | 3800 |
| 10 | Башкы адис | 4500 |
| 11 | Башкы маркетолог | 4500 |
| 12 | Жетектөөчү адис | 3900 |
| 13 | Адис-иш жүргүзүүчү | 3200 |
| 14 | Жарнама менеджери | 4200 |
| 15 | Башкы инженер | 5000 |
| 16 | Инженер-экономист | 4000 |
| 17 | Дизайнер | 3800 |
| 18 | Системдик администратор | 3500 |
| 19 | Курулуш боюнча техникалык инспектор | 3800 |
| 20 | Техникалык инспектор | 3200 |
| 21 | Инженер-программист | 3200 |
| 22 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 4200 |
| 23 | Чарба башчысы | 3200 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
