# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13281/edition/1150973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №146 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу"токтому (24.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59783

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 3-марты № 146

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы №

58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары.";

- Бильярддын кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттүү патенттин негизиндеги

салыктын ставкаларында: Эскертүүсүнүн экинчи абзацы "башка" деген сөздөн мурда ", тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу курорттук зоналардан" деген сөздөр менен толукталсын;

- токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык дискотекалардын жана

түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патенттин негизин- деги салыктын ставкалары менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыялангам жүндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 146 токтомуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 токтому менен бекитилген

Дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын СТАВКАЛАРЫ

| Иштин түрү | Салыктык база | 1 киргендеги | Удаалаш 30 |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  | кызмат | күнгө салыктын |
|  |  | көрсөтүүнүн | ставкасы |
|  |  | баасы | (сом менен) |
| Дискотекалардын жана | 1 дискотека, | 101 сомго чейин | 25000 |
| түнкү клубдардын кызмат | түнкү клуб | \--------------- | \-------------- |
| көрсөтүүлөрү |  | 101ден | 35000 |
|  |  | 201 сомго чейин |  |
|  |  | 201ден 301 | 50000 |
|  |  | сомго чейин |  |
|  |  | 301ден 501 | 60000 |
|  |  | сомго чейин |  |
|  |  | 501 сом жана | 70000 |
|  |  | андан жогору |  |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев
