Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнун «Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин 2002-жылдын 14-январындагы № 010/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын 14-февралындагы № 011-19/248 жооп нотасын денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 11-февралы № 112
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну
түзүүчү Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын
Элчилигинин 2002-жылдын 14-январындагы № 010/02 нотасына
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын
14-февралындагы № 011-19/248 жооп нотасын денонсациялоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кыргыз Респуб-
ликасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин 2002-жылдын 14-январын-
дагы № 010/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги-
нин 2002-жылдын 14-февралындагы № 011-19/248 жооп нотасын денонсациялоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин
2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинен бул мыйзам
долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
тааныштыруу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине тапшырылсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну
түзүүчү Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын
Элчилигинин 2002-жылдын 14-январындагы № 010/02 нотасына
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2002-жылдын
14-февралындагы № 011-19/248 жооп нотасын
денонсациялоо жөнүндө
1-статья.
Бирге алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республи-
касынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республика-
сындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин 2002-жылдын 14-январындагы №
010/02 нотасына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
2002-жылдын 14-февралындагы № 011-19/248 жооп нотасы денонсациялансын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республика-
сынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн Макулдашуу де-
нонсацияланганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Чогуу алганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин…Закон · 30.03.2009 · № 111
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон