# О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Перечня товаров для обеспечения обороноспособности, национальной безопасности и правопорядка, подлежащих освобождению от уплаты НДС и таможенных пошлин при импорте на таможенную территорию Кыргызской Республики

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 656
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13276/edition/1159850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Перечня товаров для обеспечения обороноспособности, национальной безопасности и правопорядка, подлежащих освобождению от уплаты НДС и таможенных пошлин при импорте на таможенную территорию Кыргызской Республики (11.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59778

---

КР Министрлер Кабинетинин 11-мартындагы 2022-жылдын №131 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-декабры № 656 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 258-1-беренесинин 2-бөлүгүн жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178-беренесинин 11-пунктуна ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-августундагы № 455 «Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттоодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттодо КНСти жана бажы алымдарын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуучу товарлардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

8704239109

башкалар

8704229109

башкалар

жогоруда аталган Тизменин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

\*8704229109 - Жүк ташуучу автомобилдер (борттуу);

\*8704239109 – Борттуу автомобилдер.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 10-январынан баштап колдонулат.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
