# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №114 "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №114 "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59777>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13275/edition/1142662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59777.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы №114 "2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (11.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59777

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 11-февралы № 114

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү

камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын

ишке ашыруу тууралуу

"2009-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү өткөрүүнү камсыздоо бо-

юнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын

27-ноябрындагы № 417 Жарлыгына ылайык, 2009-жылы жазгы-талаа иштерин өз

учурунда өткөрүү үчүн республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн мате-

риалдык-техникалык жана финансылык кредиттик ресурстар менен камсыздоо-

го мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2009-жылдын 20-фев-

ралына чейин:

- "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана

2010-2011-жылдарга божомолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын-

да каралган каражаттардын чектеринде жазгы-талаа иштерин өткөрүү үчүн

15,0 мињ куб.м. дизель отунун мамлекеттик материалдык резервге коюуга

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана

материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке каржылоо жүргүзсүн;

- тиешелүү карыздык милдеттенмени тариздөө менен Кыргыз Республи-

касында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансылык

компанияга 75,0 млн. сомду күрөөсүз төмөнкүдөй шарттарда бөлүп берсин:

жоюу мөөнөтү - бюджеттик ссуда боюнча карыздык милдеттенмеге кол

коюлган учурдан тартып 10 жыл;

бюджеттик ссуданы пайдаланганы үчүн проценттик ставка - жылдык 2

процент;

бюджеттик ссуданын багыты - ата мекендик өнөржай ишканаларынан

айыл чарба техникасын жана жабдууларын кийин аларды республиканын айыл-

дык товар өндүрүүчүлөрүнө ижарага берүү максатында сатып алуу;

бюджеттик ссуданы жоюу графиги - 10 жылдын ичинде ар бир жылдын IV

кварталында тењ үлүштөр менен;

- тиешелүү карыздык милдеттенмени тариздөө менен "Айыл Банк" ачык

акционердик коомуна 150,0 млн. сомду күрөөсүз төмөнкүдөй шарттарда

бөлүп берсин:

жоюу мөөнөтү - бюджеттик ссуда боюнча карыздык милдеттенмеге кол

коюлган учурдан тартып 2 жыл;

кредиттик линия боюнча төлөп берүү - айылдык товар өндүрүүчүлөрдү

каржылоо үчүн зарылдыгына жараша транш кредити;

бюджеттик ссуданы пайдаланганы үчүн проценттик ставка - жылдык 3

процент;

бюджеттик ссуданын багыты - айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо

көрсөтүү;

бюджеттик ссуданы жоюу графиги - кредиттик линиянын мөөнөтүнүн ая-

гында.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттен бөлүп

берүүчү каражаттарга 15,0 мињ куб.м. дизель отунун белгиленген тартипте

сатып алсын;

- мамлекеттик материалдык резервден 15,0 мињ куб.м. дизель отунун

брондон чыгарсын жана аны сактоо менен байланышкан чыгымдарды эске алуу

менен коюу баасы боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөргө сатсын;

- дизель отунун сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык

бюджетке которсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-

гы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жазгы-талаа иштерин

жүргүзүүгө айылдык товар өндүрүүчүлөргө кийин сатуу үчүн ушул токтомдун

2-пунктунда аталган дизель отунунун көлөмүн берүүчү Кыргыз Республика-

сынын аймагына ташып кирүүдө жана кийин сатууда "Талаачылык иштерин

жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бажы алымдарынан, салыктардан

жана жыйымдардан бошотулууга тийиш экендиги белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында-

гы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын разнарядкалары боюнча айылдык товар

өндүрүүчүлөрдү тиркемеге ылайык көлөмдө дизель отуну менен камсыз кыл-

сын;

- дизель отунун 2009-жылдын 20-февралынан тартып сатууну камсызда-

сын.

5. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети дизель

отунун Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө жана кийин айылдык

товар өндүрүүчүлөргө сатууда бажы алымдарынан, салыктардан жана жыйым-

дардан бошотуу маселелеринде ушул токтомду жетекчиликке алышсын.

6. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунун сегизинчи абзацында көрсөтүлгөн кара-

жаттарды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн, химиялаштыруу каражаттарын

(минералдык жер семирткичтер, үрөндү ууландыруу, өсүмдүктөрдү коргоо

каражаттары), күйүүчү-майлоочу материалдарды, айыл чарба техникасы үчүн

запастык бөлүктөрдү сатып алуу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн иш-

тетүүдө агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча кызмат

көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө айылдык то-

вар өндүрүүчүлөрдү жылдык 22 процент ставкасы менен кредиттөө үчүн ка-

ражаттарды берүү;

- мөөнөтүнөн мурда кайтарып берилген кредиттик ресурстарды ушул

пунктта сунушталганга окшош шарттарда андан аркы мезгилдерде жана ушул

токтомдун 1-пунктунун тогузунчу абзацында каралган мөөнөттүн аягына че-

йин талаа иштерин жүргүзүүгө кайра инвестициялоо;

- эсептелген проценттер менен жогоруда көрсөтүлгөн бюджеттик ссу-

даны жоюу графигине ылайык кайтарууну камсыздоо;

- айылдык товар өндүрүүчүлөргө компенсация төлөп берүү боюнча ре-

зерв түзүүнү жана кредитти максаттуу пайдаланууда жана аны өз учурунда

кайтарууда кредит боюнча негизги карыздын иш жүзүндөгү калдыгына жылдык

10 процент өлчөмүндө төлөнүшүн камсыздоо.

7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин биринчи

кезекте айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбала-

рына ижарага берүүнү караган "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому-

нун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы

өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте:

мамлекеттик карыз каражаттар, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттер

жана гранттар боюнча мөөнөтү өткөн карызы бар республиканын үрөнчүлүк

жана асыл тукум чарбаларынын тизмесин аныктасын;

мамлекеттик карыз каражаттар, анын ичинде чет өлкөлүк кредиттер

жана гранттар боюнча үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын мөөнөтү

өткөн карызын кайтаруу (реструктуралаштыруу) шартын 5 жылдык мөөнөткө

чейин өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
