# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59774>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13273/edition/440320/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59774.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (03.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59774

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 3-марты № 138

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк

коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө монито-

рингди жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында жана "Кыргыз Республикасы-

нын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мо-

ниторинги жана индикаторлору жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бекитил-

син.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-

лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жободо аныкталган

мөөнөттө милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр-жай министрлиги Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу

жөнүндө маалыматтарды жыйнап жана талдап, Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча

кењешке берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана жара-

тылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
