Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 3-марты № 138
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк
коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндө монито-
рингди жүзөгө ашырууну камсыздоо максатында жана "Кыргыз Республикасы-
нын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мо-
ниторинги жана индикаторлору жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) бекитил-
син.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Жободо аныкталган
мөөнөттө милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр-жай министрлиги Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу
жөнүндө маалыматтарды жыйнап жана талдап, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча
кењешке берүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана жара-
тылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.