Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнун «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 3-марты № 141
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толук-
тоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталаган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө
салуу кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган
мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-ж., № 10, 435-бе-
рене) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-1-беренеде:
- биринчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген
сөздөрдөн кийин "(мындан ары - Кыргызстан банкы)" деген сөздөр менен
толукталсын;
- үчүнчү бөлүгү "текшерүүлөргө" деген сөздөн кийин "ушул банк" де-
ген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-берененин үчүнчү бөлүгүндө жана 5-берененин төртүнчү
бөлүгүндө түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы"
деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргызстан банкы" деген сөздөргө
алмаштырылсын.
3. 3-беренеде:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкүлөр жыл сайын милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш:
- Кыргызстан банкы лицензиялоочу банктар жана башка уюмдар;
- камсыздандыруу уюмдары;
- коомдук компаниялар;
- инвестициялык фонддор;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган
учурлардагы башка жактар.";
- үчүнчү бөлүктөгү "жеке аудитор жана (же)" деген сөздөр алып са-
лынсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Жүргүзүлгөн милдеттүү аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттелчү жактар
төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жалпыга маалымдоо каражаттарында аудитордук корутундусу (отчету)
менен бир комплекте финансылык отчетторун жарыялоого;
- милдеттүү аудит жүргүзүлгөндүгү жана жалпыга маалымдоо каражат-
тарында аудитордук корутундусу (отчету) менен бир комплекте финансылык
отчетторунун жарыяланганы жөнүндө аудитордук ишти жөнгө салуучу ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө.".
4. 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Аудитордук уюмдар алар тарабынан жүргүзүлүүчү аудитордук тек-
шерүүлөрдүн сапатына ички контролдун стандарттарын белгилөөгө жана сак-
тоого милдеттүү. Аталган стандарттарга коюлуучу талаптар аудиттин стан-
дарттары менен жөнгө салынат.".
5. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толуктал-
сын:
"Аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудитордук ишти жөнгө са-
луучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ошол эле мезгилде аудит
жүргүзүлгөн жактарды билдирүү менен аудитордук корутундуга (отчетко)
кол коюлган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнүнүн ичинде финансылык от-
четтуулуктун стандарттарын бузуулар аудиттин жыйынтыгында табылгандыгы
жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.".
6. 7-берене "буйрутмачыдан" деген сөздөн кийин "жана аудитордук
ишти жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан" деген сөздөр
менен толукталсын.
7. 9-беренеде:
- экинчи бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- башка жогорку (экономикалык эмес) же орто кесиптик-экономикалык
билими барлар жана экономикалык адистик боюнча жети жылдык стажы бар-
лар;";
- үчүнчү бөлүгү "комиссия түзөт" деген сөздөн кийин ", анын кура-
мына, ошондой эле кесиптик аудитордук бирикмелердин өкүлчүлүктөрү кир-
гизилет" деген сөздөр менен толукталсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"Квалификацияны жогорулатуу боюнча курстан өткөндүгүн тастыктоочу
документ кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен аудитор тарабынан
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.".
8. 10-беренеде:
- биринчи бөлүгүнүн 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) Аудитор кол койгон аудитордук корутундуну атайлап жалган чыга-
рылган деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;".
9. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. Аудиторлордун, жеке аудиторлордун, аудитордук
уюмдардын жана аудиттелчү жактардын жоопкерчиликтери
Аудиторлор, жекё аудиторлор, аудитордук уюмдар жана аудиттелчү
жактар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде
ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Аудитордук иш жөнүндөЗакон · 03.12.2021 · № 147
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон