# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №162 "Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фонду жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №162 "Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фонду жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13271/edition/1142690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №162 "Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фонду жөнүндө"токтому (10.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59772

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 10-марты № 162

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын балык чарбасын

өнүктүрүү фонду жөнүндө

"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана

19-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигинин Балык чарба департаментинин алдында Кыргыз Республи-

касынын балык чарбасын өнүктүрүү фонду түзүлсүн.

2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фон-

дун түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондун түзүүгө

байланыштуу уюштуруу, финансылык, материалдык жана башка маселелерди

чечсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтомдон келип чыгуучу

чечимдеринин тийиштүү долбоорлорун киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 10-мартындагы

№ 162 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү

фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун

ТАРТИБИ

1. Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фонду (мындан

ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү

өнөр жай министрлигинин Балык чарба департаментинде (мындан ары - Де-

партамент), Кыргыз Республикасынын "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамынын

18 жана 19-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы минист-

рлигинин Борбордук казыналыгынын региондук бөлүмүндө атайын эсептерди

ачуу жолу менен түзүлөт.

2. Фонд балык чарбалык, балыкты коруучу, көбөйтүүчү, балык

өстүрүүчү-мелиорациялык жана эпизоотияга каршы иш-чараларды, илимий жа-

на ихтиологиялык изилдөөлөрдү, келме-суулардын жана балык ресурстардын

абалын мониторингдөө иштерин, материалдык-техникалык базаны жана кадр-

лык потенциалды чыњдоо, балык чарбаны башкаруу боюнча атайын ыйгарым

укуктуу мамлекеттик органдын инфраструктурасын жана өндүрүштүк базасын

жакшыртуу боюнча иш-чараларды каржылоо, ошондой эле Кыргыз Республика-

сында балык тармагын андан ары өнүктүрүүгө багытталган башка иштерди

каржылоо максатында түзүлгөн.

3. Фонд Кыргыз Республикасынын "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамынын

19-статьясында каралган которуулардын эсебинен түзүлөт:

4. Фонддун каражаттары Департаменттин атайын эсебине топтолот жана

Кыргыз Республикасынын "Балык чарбасы жөнүндө" Мыйзамынын 19-статьясын-

да каралган иш-чараларды каржылоого пайдаланылат.

5. Ушул тартиптин 4-пунктунда көрсөтүлгөн конкреттүү иш-чараларды

жана аларды каржылоо көлөмүн Департаментте иштечү Фонддун байкоо кењеши

аныктайт.

6. Фонддун Байкоо кењешине Департаменттин директору жана борбордук

аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын балык тармагын тейлеген тийиштүү бөлүмүнүн, Кыргыз Респуб-

ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин

экономика жана бюджетти болжолдоо бөлүмүнүн жана балык чарбалык уюмдар-

дын өкүлдөрү кирет. Балык чарба департаментинин директору Фонддун Бай-

коо кењешинин төрагасы болот.

7. Фонддун ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби, анын милдет-

тери, компетенциясы жана сандык курамы Кыргыз Республикасынын айыл, суу

чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри бекитүүчү Фонддун Байкоо

кењеши жөнүндө жобо менен аныкталат.

8. Фонддун Байкоо кењешинин чечиминин негизинде Департаменттин ди-

ректору тийиштүү приказ чыгарат.

9. Фонддун каражаттарын сарптоо Фонддун Байкоо кењеши бекитүүчү

жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган

сарптоолор сметасына ылайык ишке ашырылат.

10. Фонддун каражаттарынын отчеттук мезгилдин ичинде пайдаланылга-

ны жөнүндө жалпы маалыматтар бухгалтердик отчет менен кошо берилет жана

Фонддун Байкоо кењешинде каралат.
