# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13270/edition/441084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №164 "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59771

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 10-марты № 164

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа

соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа

соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржалык соода

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити 1992-жыл-

дын 4-августу, № 99) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-беренеде:

- биринчи бөлүктө:

"дүњ" деген сөз алынып салынсын;

"соода" деген сөз "(ачык жана/же жабык), селектордук жана/же

электрондук соода (аукциондор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацында "бул тыйым" деген сөздөн кийин

"уюштуруучуларга" деген сөз менен толукталсын.

2. 4-берененин биринчи бөлүгүндө:

- 3-пунктча "товар биржасынын мүчөлөрү үчүн" деген сөздөрдөн кийин

"брокердик жана дилердик орундарга акыларды," деген сөздөр менен толук-

талсын";

- төмөнкү мазмундагы 7 жана 8-пунктчалар менен толукталсын:

"7) мыйзамда белгиленген тартипте брокердик контораларды түзүүгө;

8) товар биржасында эсеп-кысап (клирингдик) борборлорду түзүүгө.".

3. 6-берененин экинчи бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын тышкы эко-

номикалык ишинин жалпы башталыштары жөнүндөгү" деген сөздөр "Кыргыз

Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" деген

сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 7-берене төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде биржа келишими менен башкача каралбаса, биржа, анын ичинде

кыймылсыз мүлк бүтүмдөрү милдеттүү түрдөгү нотариалдык күбөлөндүрүүдөн

өтпөйт.".

5. 8-берененин экинчи абзацы "товарга менчик укугунун документте-

рин" деген сөздөрдөн кийин "жана башка мүлктү" деген сөздөр менен то-

лукталсын.

6. 10-берененин төртүнчү бөлүгү "андан тышкары да келишим түзүүдө"

деген сөздөрдөн кийин "уюштуруучунун," деген сөз менен толукталсын.

7. 11-беренеде:

- биринчи бөлүктө "же мүчөсүнүн" деген сөз алып салынсын;

- экинчи бөлүктө:

"албайт" деген сөз "алат" деген сөзгө алмаштырылсын;",

", ошондой эле алардын жетекчи кызматкерлери жана адистери" деген

сөздөр алып салынсын.

8. 12-берене "келишимдерди жана опциондорду сатуучулар жана сатып

алуучулар" деген сөздөрдөн кийин", уюштуруучулар" деген сөз менен то-

лукталсын.

9.13-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"13-берене. Биржанын мүчөлүгүнө кабыл алынган, мүчөлүк акыны

төлөгөн жана товар биржасынын уставын сактаган юридикалык жактар жана

жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар товар биржасынын мүчөлөрү

боло алышат.

Товар биржасынын мүчөлөрү ошол же башка товар биржасынын кызматке-

ри же ошол товар биржасына карата биригишкен жак боло алышпайт.

Товар биржасынын мүчөлөрү анын уставына жана биржанын ички норма-

тивдик актыларына ылайык биржа соодасына катышууга укуктуу.

Товар биржасынын мүчөлөрү биржа соодасына катышууга өзүлөрүнүн

укуктарын келишим менен бир юридикалык жакка же жаранга үчүнчү жакка

берүү укугусуз, убактылуу пайдаланууга берүүгө укуктуу. Биржа соодасына

катышуу укугун ижаралоо келишими товар биржасында катталууга тийиш.

Биржа соодасына катышуу укугун субарендага берүүгө тыюу салынат.

Товар биржасынын мүчөлүгүнөн ыктыярдуу чыкканда, чыгарылганда же

биржа жоюлганда товар биржасына мүчөлүк токтотулат.".

10. 16-берененин биринчи бөлүгүндө "мүчөлөрүнүн" деген сөз "уюшту-

руучуларынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

11. 18-берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө "мүчөлөрүнүн"

деген сөз "уюштуруучуларынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

12. 20-берененин биринчи бөлүгүндө "мүчөлөрүнүн" деген сөз "уюшту-

руучуларынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

13. 21-берене күчүн жоготту деп табылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-

йык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
