# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №197 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №197 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59765>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13267/edition/441569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59765.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №197 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59765

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 30-марты № 197

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын 65-беренесинин 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутат Д.А.Молдошева тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Рес-

публикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 30-мартындагы

№ 197 токтому менен

жактырылган

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Д.А.Молдошева

тарабынан демилге кылынган, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам акты-

ларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Ден соолу-

гунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек

кодекси жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жө-

нүндө кодекси) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, тө-

мөнкүдөй эскертүүлөрдү жана сунуштарды билдирет.

"Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III

токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын

5.7-пунктуна ылайык мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоо-

лорду киргизүүдө ал расмий жарыяланган булактар милдеттүү түрдө көрсө-

түлөт. Ушуга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилүүчү актылардын жарыялан-

ган тиешелүү булактарын көрсөтүүнү сунуш кылабыз.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасында адам эркиндиктерин жана укуктарын жокко чыгаруучу

мыйзамдар чыгарылбоого тийиш. Ушуга байланыштуу 1-берененин 1-пунктунун

экинчи абзацын алып салуу керек деп эсептейбиз, мындайча айтканда атал-

ган абзацтагы көрсөтүлгөн норма ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектел-

ген адамдын абалын начарлатат, анткени бардык эле уюмдарда кызматчылар-

дын саны 50 бирдикке жетпейт же андан ашпайт.

1-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "же мыйзамдарда белги-

ленген тартипте аны төлөө күнү Кыргыз Республикасында аныкталган, эм-

гектенүүгө жөндөмдүү калк үчүн жашоо минимумун өлчөмүндө квоталанган

жумушчу орундун компенсациялык наркы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана

социалдык өнүктүрүү министрлигинде квоталанган жумушчу орундардын мак-

саттуу бюджеттик фондуна ай сайын төлөө" деген сөздөрдү алып салууну

сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги

принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине

ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана аткаруу бийлигинин

башка борбордук органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар-

дын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик эмес фонд-

дорун түзүүгө тыюу салынат, буга Кыргыз Республикасынын Социалдык фон-

ду, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу

Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуу-

луктардан жана взностордон түзүлүүчү бюджеттик эмес фонддор кирбейт.

1-берененин 3-пунктунун редакциясын мыйзам долбоордун 1-беренеси-

нин 1-пунктунун үчүнчү абзацында сунушталган өзгөртүүлөрдү эсепке алуу

менен карап чыгуу зарыл.

Администрациялык айыптарды күчөтүү маселеси боюнча айтканда, ушуну

менен катар эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жу-

муш орундарын берүүчү уюмдарды колдоо механизмдери иштелсе туура бол-

мок.

1-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацында сунушталган өзгөртүүлөрдү

эсепке алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине сунушталган

өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кереги жок деп эсептейбиз.
