# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартындагы №171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясатынын концепциясы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартындагы №171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясатынын концепциясы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59764>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13266/edition/441571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59764.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-мартындагы №171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясатынын концепциясы жөнүндө" токтому (11.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59764

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 11-марты № 171

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук

саясатынын концепциясы жөнүндө

Мамлекеттик региондук саясатты өркүндөтүү жана Кыргыз Республика-

сынын Президентинин 2008-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуусунда бел-

гиленген милдеттерди аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттер программасын бекитүү жөнүндө" токтому

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракет-

тер программасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саяса-

тынын концепциясы бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору жана башка аткаруучу бийлик органдары

2009-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономи-

калык өнүгүү жана соода министрлигине Кыргыз Республикасынын Мамлекет-

тик региондук саясатынын концепциясынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жөнүн-

дө өздөрүнүн сунуштарын киргизишсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министр-

лиги 2009-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө министрликтердин, мамле-

кеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка атка-

руучу бийлик органдарынын сунуштарын жалпыласын жана Кыргыз Республика-

сынын Мамлекеттик региондук саясатынын концепциясынын аткарылышын кам-

сыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын

долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргиз-

син.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана региондук мониторинг

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
