# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10 мартындагы №167 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10 мартындагы №167 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59762>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13264/edition/441081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59762.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10 мартындагы №167 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (18.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59762

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 10-марты № 167

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы

көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-

раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-

далсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик

кодексине толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-б.) төмөн-

күдөй толуктоо киргизилсин:

## 47-глава төмөнкүдөй мазмундагы 430-1-берене менен толукталсын:

"430-1-берене. Чет мамлекеттин соту чыгарган өкүмдү (чечимди)

таануу

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эларалык келишимде-

ринде каралган учурларда же болбосо өз ара колдонуу башталыштарында

Кыргыз Республикасында террористтик (экстремисттик) иштерге тиешеси жа-

на кылмыш жолу менен алынган кирешелери бар жактарга карата чет мамле-

кеттердин соттору чыгарган мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү (чечимдери)

таанылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эларалык келишимде-

ринде каралган учурларда же болбосо өз ара колдонуу башталыштарында

Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин соттору чыгарган жана мыйзам-

дуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кылмыш жо-

лу менен алынган кирешелерди же аларга тете мүлктү конфискациялоо жө-

нүндөгү өкүмдөрү (чечимдери) таанылышы жана аткарылышы мүмкүн.

3. Кылмыштуу жол менен алынган, конфискацияланган кирешелер же

аларга барабар болгон мүлк, Кыргыз Республикасынын тийиштүү эларалык

келишиминин негизинде конфискациялоо жөнүндө сот чечим чыгарган чет

мамлекетке толугу менен же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши мүмкүн.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
