Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10 мартындагы №167 «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 мая 2009 года №304 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-05-18.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 304 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 10-марты № 167
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине
толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо
киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы
көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-
раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-
далсын.
Премьер-министр И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик
кодексине толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-б.) төмөн-
күдөй толуктоо киргизилсин:
47-глава төмөнкүдөй мазмундагы 430-1-берене менен толукталсын:
"430-1-берене. Чет мамлекеттин соту чыгарган өкүмдү (чечимди)
таануу
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эларалык келишимде-
ринде каралган учурларда же болбосо өз ара колдонуу башталыштарында
Кыргыз Республикасында террористтик (экстремисттик) иштерге тиешеси жа-
на кылмыш жолу менен алынган кирешелери бар жактарга карата чет мамле-
кеттердин соттору чыгарган мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү (чечимдери)
таанылышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эларалык келишимде-
ринде каралган учурларда же болбосо өз ара колдонуу башталыштарында
Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин соттору чыгарган жана мыйзам-
дуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кылмыш жо-
лу менен алынган кирешелерди же аларга тете мүлктү конфискациялоо жө-
нүндөгү өкүмдөрү (чечимдери) таанылышы жана аткарылышы мүмкүн.
3. Кылмыштуу жол менен алынган, конфискацияланган кирешелер же
аларга барабар болгон мүлк, Кыргыз Республикасынын тийиштүү эларалык
келишиминин негизинде конфискациялоо жөнүндө сот чечим чыгарган чет
мамлекетке толугу менен же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №304 ""Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап…Постановление · 18.05.2009 · № 304 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №304 ""Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап…Постановление · 18.05.2009 · № 304 · Күчүн жоготкон