Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 февраля 2011 года №50 "Об утверждении Временного положения о порядке определения и оформления границ земельного участка при многоквартирном жилом доме"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-03-30.
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 15-февралындагы N 50 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 30-мартындагы
№ 198 токтому менен
бекитилген
Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы
жер участокторунун чек араларын аныктоо
тартиби жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Чек ара өткөрүү. Көп квартиралуу турак үйдүн
жанындагы жер участоктун чек арасын аныктоо
3-глава. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду пайдалануу укуктарын
тариздөө тартиби
Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын
аныктоо тартиби жөнүндөгү ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Респуб-
ликасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси-
не, "Турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук
актыларына ылайык иштелип чыккан жана көп квартиралуу үйлөрдүн жанында-
гы жер участоктордун (мындан ары - үйлөрдүн жанындагы жер участоктор)
чек араларын аныктоо тартибин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодекси ишке киргизилгенге
чейин курулган көп квартиралуу турак үйлөрдүн жанындагы жер участокто-
рунун чек араларын аныктоодо колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси ишке киргизилгенден кийин ку-
рулган жана жањы долбоорлонуучу объекттерге үйлөрдүн жанындагы жер
участокторунун чек аралары конкреттүү объектке же объекттер тобуна дол-
боордук документтердин курамында белгиленет.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын
өнүктүрүүнү келечекте шаар курууну пландаштыруу жөнүндө шаар куруу до-
кументтери;
шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, курулуш куруу жа-
на шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторунун жана кый-
мылсыз мүлктүн башка объекттеринин пайдаланууга уруксат берилген пара-
метрлердин жана түрлөрдүн жер пайдалануу эрежелери белгиленген, ошондой
эле шаар куруу иштерин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттеринин жол
берилген өзгөртүүлөрүнүн жыйындысы;
чек ара өткөрүү - кыймылсыз мүлк объекттери катары мурда болгон
жана жањы түзүлгөн жер участоктордун чек араларын белгилөө, калыбына
келтирүү, өзгөртүү жана бекитүү боюнча шаар куруу жана жер жайгаштыруу
иштеринин комплекси;
кызыл сызыктар - кварталдардын, кичи райондордун жана пландоочу
түзүмдөрдүн башка элементтеринин аймактарын шаардык жана айылдык калк-
туу конуштарда көчөлөрдөн, жолдордон жана аянттардан бөлүүчү чек ара-
лар;
сервитут - башка жактын менчигиндеги же пайдалануусундагы жер
участокту чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга жактын укугу;
көп квартиралуу үйлөрдүн тобу - долбоорлоого жана курууга бир жер
участогу берилген эки же андан ашуун көп квартиралуу үйлөр;
көп квартиралуу үй - эки же андан ашуун турак жана турак эмес жай-
лары бар өзүнчө курулуш;
турак жай конушундагы жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана жолдор -
турак жай райондорунун (кичи райондордун) аймактарындагы транспорттук
(жүк ташуучу жана коомдук транспортту өткөзбөстөн) жана жөө катнаштар,
жөнгө салынуучу кыймылдын магистралдык көчөлөрүнө жана жолдоруна чыгуу-
лар;
жөө жүрүү көчөлөрү жана жолдор - эмгектенүү, тейлөө мекемелери жа-
на ишканалары, анын ичинде коомдук борборлордун чектеринде, эс алуучу
жерлер жана коомдук транспорттун токтоочу пункттары менен жөө катнаш;
өтмөлөр - турак жай жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишкана-
ларга жана райондордун, кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги башка
шаардык объекттерге транспорт каражаттарынын өтмөлөрү;
жайлардын менчик ээси - мыйзамдарда белгиленген тартипте көп квар-
тиралуу турак үйдө турак жай жана (же) турак эмес жайга менчик укугуна
жана жалпы мүлктө үлүшкө ээ жеке же юридикалык жак;
үйлөрдүн жанындагы жер участоктор - көп квартиралуу турак үйдү
жайгаштыруу, аны эксплуатациялоо жана тейлөө, ошондой эле көп квартира-
луу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин чарбалык
жана тиричилик муктаждыктары үчүн арналган жер участогу;
көп квартиралуу үйдүн алды жагы - көп квартиралуу үйдүн турак жай
квартираларындагы (подъезддердеги) кирүүчү жерлер жайгашкан, көп квар-
тиралуу үйдүн бет жагы;
көп квартиралуу үйдүн арткы жагы - көп квартиралуу үйдүн алды жа-
гына карама-каршы тарабы;
көп квартиралуу турак үйдүн каптал жагы - көп квартиралуу үйдүн
кыска тарабы.
2-глава. Чек ара өткөрүү. Көп квартиралуу турак үйдүн
жанындагы жер участоктун чек арасын аныктоо
3. Чек ара өткөрүү курулган аймактар жана курулууга тийиш аймактар
үчүн Башкы планда жана дыкат пландаштыруу долбоорунда белгиленген "кы-
зыл сызыктын" чектеринде жүргүзүлөт.
4. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектери ушул Жобого, бе-
китилген шаар куруу документтерине, Кыргыз Республикасынын курулуш нор-
маларына жана эрежелерине ылайык, түзүлгөн шаар курулуш кырдаалын жана
калктуу конушту келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен аныкталат.
Үйлөрдүн жанындагы жер участогунун чектери көп квартиралуу бир үйгө,
ошондой эле көп квартиралуу үйлөрдүн тобу үчүн аныкталат.
5. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерин көп квартиралуу
үйлөрдүн тобу үчүн аныктоодо жалпы үлүштүк менчик укугундагы ар бир
үйгө бекитип берилүүчү үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектери
жана көп квартиралуу үйлөр тобунун менчик ээлеринин жалпы пайдалануу
укугунда бекитип берилген жалпы жайгаштыруу жана жашылдандыруу элемент-
тери менен бирдиктүү короо мейкиндиги болуп эсептелген жер участогунун
чектери өзүнчө аныкталат.
6. Шаардык жана калктуу конуштардын курулган аймактарынын чекте-
ринде көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун аянттары
укук белгилөөчү, укук ырастоочу документтерди - техникалык паспортту,
жер пайдалануу актыларын, шаар куруу нормаларынын иш жүзүндө жер пайда-
ланылышын, санитардык нормаларды жана эрежелерди жана курулуш долбоор-
лорун эске алуу менен белгиленет.
Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектерин иштеп чыгуу процес-
синдеги чек ара өткөрүүнүн жүрүшүндө шаар куруу регламентине ылайык
жањы курулуш куруу үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон аймактар аныкталса,
анда бул аймактар жањы объекттерди куруу үчүн бөлүп берилет.
7. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерине көп квартиралуу
турак үйлөрдү жайгаштыруу, эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыздоо,
ошондой эле турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин чарбалык
жана тиричилик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл болгон көп
квартиралуу үйдүн фасадына жанаша турган аймак кирет.
8. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чектерине төмөнкүлөр кир-
бейт:
- көчө жээгиндеги тротуарлар, жергиликтүү маанидеги көчөлөр жана
жолдор, өтмөлөр, аянттар, парктар, токой паркы, бульварлар, скверлер,
көлмөлөр;
- корголгон зоналардын чектериндеги транзиттик инженердик тармак-
тар өткөн жер участоктору;
- бирден ашык көп квартиралуу үйдү тейлөөчү инженердик курулуштар
ээлеген жер участоктору;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте
жеке жана юридикалык жактарга туруктуу пайдалануу укугунда берилген жа-
на жеке менчик укуктары пайда болгон жер участоктору;
- адамга жана анын ден соолугуна зыян келтирген булактар болуп
эсептелген санитардык-коргоо зоналары катары аныкталган жер участокто-
ру;
- коркунучтуу жаратылыш процесстерине (сел, суу каптоо ж.б.) дуу-
шар болгон жер участоктору;
- көп квартиралуу үйлөрдүн арткы жана каптал жагына жанаша жер
участоктору.
Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун аянтынан транзиттик инженер-
дик коммуникациялар ээлеген коридорлорду алып салуу мүмкүн эмес болгон
учурда акыркылар үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун аймагына кошулуп,
сервитут менен чектелет.
3-глава. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду
пайдалануу укуктарын тариздөө тартиби
6. Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду тариздөө көп квартиралуу
турак үйдөгү квартиралардын жана (же) турак эмес жайлардын менчик ээле-
ринин же алардын ыйгарым укуктуу жактарынын арыздарынын негизинде,
ошондой эле арыз берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен көп квартира-
луу үйдүн жанында жайгашкан жањы курулуш куруу учурунда чектеш участок-
тордун куруучуларынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектерин иштеп чыгуу жана та-
риздөө арыз берүүчүнүн жана демилгечинин өздүк каражаттарынын эсебинен
жүргүзүлөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- көп квартиралуу турак үйдөгү квартиралардын жана (же) турак эмес
жайлардын менчик ээлеринин жалпы жыйынынын протоколу;
- үйдүн техпаспорту (инвентаризациялык иш).
10. Тиешелүү документтерди тариздөө үчүн зарыл документтери менен
арыз шаар куруу жана архитектуранын аймактык органдарына берилет.
11. Чек ара өткөрүүдө, үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чекте-
рин аныктоонун жүрүшүндө шаар куруу жана архитектуранын аймактык орган-
дары келип түшкөн арыздын негизинде районду, шаарды келечекте
өнүктүрүүдө каралуучу жер участокту пайдаланууну жөнгө салуучу шаар ку-
руу документтерин (башкы план, дыкат пландоо долбоору, курулуш куруу
долбоору) изилдейт жана корутунду даярдайт.
Үйлөрдүн жанындагы жер участокторду пайдалануу башкы планга (дыкат
пландоо долбоору, курулуш куруу долбоору) жана калктуу конушту келечек-
те өнүктүрүүгө ылайык анын функциялык арналышына шайкеш келген учурда
шаар куруу жана архитектуранын аймактык органы үйлөрдүн жанындагы жер
участоктордун чектерин курулуш нормаларына жана эрежелерине жана ушул
Жобонун талаптарына ылайык аныктайт.
Башкы планга (дыкат пландоо долбоору, курулуш куруу долбоору) жана
калктуу конушту келечекте өнүктүрүүгө ылайык, каралуучу көп квартиралуу
үйдүн ордунда жањы курулуш куруу болжолдонсо, анда турган курулушту ре-
конструкциялоо же бузуу, жер участоктордун чектери кичирейтилген
өлчөмдөрдө, анын ичинде курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык
имараттын фасадынан тышкары имараттын контуруна чейин аныкталышы
мүмкүн.
Шаар куруу документтерин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча калктуу ко-
нушту келечекте өнүктүрүүнү эске алуу менен үйлөрдүн жанындагы жер
участоктордун чектери аныкталат, схема даярдалат.
12. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектеринин схемасы көп
квартиралуу үй (үйлөрдүн тобу), курчап турган курулуш элементтери,
үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектери түшүрүлгөн 1:500 масшта-
бындагы оњдоо киргизилген топографиялык тасмага тартылышы керек жана
сервитут менен чектелген аймак инженердик тармактарды эксплуатациялоочу
уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө
болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык органдары
менен макулдашылышы зарыл. Схемага үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун
аянтынын эсеби тиркелет.
Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун чектеринин схемасында төмөнкү
маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
- курулуш куруу аянтын көрсөтүү менен үйлөрдүн жанындагы жер учас-
токтордун аянты;
- сервитут менен чектелген аймактын аянты;
- жайлардын менчик ээлерине жана үчүнчү жактарга убактылуу пайда-
ланууга берилген, эгер андайлар болсо, жер участокторунун чектери жана
өлчөмдөрү.
13. Архитектура жана шаар куруу боюнча аймактык органдар даярдаган
корутундунун жана схеманын негизинде үйлөрдүн жанындагы жер участоктор-
го укук берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын токтому
даярдалат.
14. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын көп квартиралуу ту-
рак үйдөгү турак жана (же) турак эмес жайларынын менчик ээлерине
үйлөрдүн жанындагы жер участокко укуктарды берүү жөнүндө чечими Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо
боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык органдарынын жер участокко бол-
гон укуктарды каттоо жана укук ырастоочу документтерди берүү үчүн негиз
болуп эсептелет.
Жер участокко болгон жалпы үлүштүк жеке менчик укуктарда өткөрүп
берүүсүз, өткөрүүсүз жана анын ипотекасысыз квартирага жана (же) турак
эмес жайга жеке менчик укуктарды өткөрүп берүү, өткөрүү жана анын ипо-
текасы, ошондой эле квартирага жана (же) турак эмес жайга жеке менчик
укуктардан ушул үлүштү өзүнчө өткөрүп берүүгө, өткөрүүгө жана анын ипо-
текасына жол берилбейт.
15. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үйлөрдүн жанындагы
жер участокко укуктарды берүү жөнүндө чечими боюнча сот тартибинде дат-
танууга болот.
16. Үйлөрдүн жанындагы жер участоктордун мурда макулдашылган жана
бекитилген чектеринин долбоорлору көп квартиралуу үйдөгү жайлардын мен-
чик ээлеринин арызы боюнча же соттук тартипте жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары жана архитектура жана шаар курулуш органдары тарабы-
нан кайра каралышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №198 "Көп квартиралуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторунун чек араларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 30.03.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
- О товариществах собственников жильяЗакон · 28.10.1997 · № 77 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 "Көп квартиралуу турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү…Постановление · 15.02.2011 · № 50 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15