# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59757>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13260/edition/654643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59757.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы N 145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (25.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59757

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2009-жылдын 3-марты N 145

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-пунктуна, 354-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-январындагы N 31-б буйругу менен түзүлгөн Ыктыярдуу, милдеттүү патенттин негизинде салыктын ставкаларын жана патенттик негизде жүргүзүлчү ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы N 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин;

- 22, 38, 39, 40, 57, 66 жана 67-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"

22

Видео-аудио кассеталарды жана компакт дисктерди сатуу

52.62

2000

";" "

38

Азык-түлүк товарларды стационардык соода жайларында жана күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, дүкөнчөлөрдү, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды ж.б. пайдалануу менен сатуу

52.62

7000

39

Пиротехникалык буюмдардан башка, азык-түлүккө кирбеген товарларды стационардык соода жайларында жана күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, дүкөнчөлөрдү, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды ж.б., пайдалануу менен сатуу

52.62

15000

40

Курулуш материалдарын сатуу (цемент менен шиферден башкасын)

52.62

10000

";" "

57

Ижарага, жалдоого берүү:

70.20

- менчик кыймылсыз мүлктү мейманканага берүү (1 адамдык жатуучу орун үчүн);

4000

- турак жай аянтын батирге берүү (1 бөлмө үчүн);

1500

- турак эмес аянтты (аянтына жараша)

10000

";" "

66

3 орундукка чейинки чач тарач жана маникюр кабинеттеринин кызмат көрсөтүүлөрү (1 орундук үчүн)

93.02

2000

67

Акы алынуучу даараткана тейлөөлөрү (1 орундук үчүн)

93.04

200

";

- Эскертүүсү алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 72-124-пункттар менен толукталсын:

"

72

Иттерди тукумдатуу жана сатуу

01.2

500

73

Малдын терисин жана жүнүн даярдоо

01.2

5000

74

Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүү

01.42

1500

75

Малдын жана үй канаттууларынын этинен шишкебек жасоо жана сатуу

15.13

1500

76

Жеке менчик тегирмендердин, май чыгаргычтардын жана күрүч актагычтардын кызмат көрсөтүүлөрү

15.61

2500

77

Текстилдик даяр буюмдарды, анын ичинде автоунаалардын жапкычтарын жана бут койгучтарын тигүү

17.40

- негизги техникалык жабдуулардын

78

Трикотаж жана токума буюмдарды өндүрүү

17.7

санына (түз тигүүчү универсал машина, токуучу машина, терини тигүүчү машина) 10 бирдикке чейин – 2000 негизги техникалык жабдуунун кийинки ар бир 10 бирдигине кошумча 1000

79

Булгаары кийимдерди тигүү, булгаарыдан, териден жана жасалма булгаарыдан буюмдарды жасоо

18.10

80

Атайын кийимдерди тигүү

18.21

81

Сырт кийимдерди тигүү

18.22

82

Ич кийимдерди тигүү

18.23

83

Баш кийимдерди, кийимдин башка түрлөрүн жана жабдыктарды өндүрүү

18.24

84

Мех буюмдарды өндүрүү

18.30

85

Тери буюмдарды өндүрүү

19.20

1000

86

Жыгач тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

20.10

1500

87

Макулатура алуу боюнча тейлөөлөр

21.22

1000

88

Керамикалык жана кооз буюмдарды өндүрүү

26.25

1500

89

Кулпуларды жана ачкычтарды оңдоо жана жасоо

28.63

500

90

Айыл чарба техникаларын оңдоо

29.31

1500

91

Атайын медициналык техникаларды оңдоо

33.20

1000

92

Улуттук музыкалык аспаптарды жасоо

36.30

1000

93

Музыкалык аспаптарды оңдоо жана күүгө келтирүү боюнча тейлөөлөр

36.30

600

94

Элдик көркөм өнөр буюмдарын үйдө жасоо

36.63

800

95

Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү чамбарларын жасоо

36.63

1000

96

Газ баллондорду сатуу

51.55

1500

97

Тери буюмдарды сатуу

52.43

800

98

Улуттук музыкалык аспаптарды сатуу

52.45

1000

99

Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү чамбарларын сатуу

52.62

800

100

Керамикалык жана кооздук буюмдарын сатуу

52.62

1500

101

Мүрзө эстеликтери, постаменттерин жана аны коштоочу буюмдарды сатуу

52.62

2000

102

Жалпы аянты 10 кв.м. чейинки соода жайларында кымбат металлдардан жана таштардан жасалган буюмдарды сатып алуу, оңдоо жана сатуу

52.48

2000

103

Кийимдерди, баш кийимдерди, мехтен жасалган, тигилген, трикотаж кийимдерди, галантерея жана башка буюмдарды оңдоо

52.74

1500

104

Коомдук тамактануу жайларынын тейлөөлөрү:

55.51

- убактылуу орнотулган жайларды (павильон, боз үй, чатыр ж.б.) пайдалануу менен, 4 орундугу бар 1 стол үчүн;

1000

- жалпы билим берүү мекемелеринде орун алгандар (окуучулардын санына жараша);

4000

- курорттук зоналарда орун алган жана курорттук маалда иштечү, капиталдык туруктуу жайларда (4 орундугу бар 1 стол үчүн);

2000

105

Базарларда жана башка эл топтолуучу жерлерде радио аркылуу жарыя берүү боюнча тейлөөлөр

64.20

1000

106

Колдонууга берүү боюнча тейлөөлөр:

71.33

- компьютердик оюндар (ар бир компьютерге);

500

- оюн үстөлдөрү (ар бир үстөлгө)

300

107

Эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы техникалык жана программалык тейлөө боюнча кызматтар

72.20

2000

108

Иттерди үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

74.60

500

109

Эл аралык долбоорлордун жана программалардын котормочуларынын жана жергиликтүү кеңеш берүүчүлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү

74.83

2000

110

Эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү

74.83

а) менеджерлер жана кеңешчилер;

3000

б) координаторлор;

2000

в) адистер жана эксперттер;

1500

г) администрациялык жана финансылык ассистенттер;

1000

д) секретарлар, айдоочулар;

700

е) техникалык персонал (кароолчулар, вахтерлор, тазалоочулар ж.б.)

500

111

Кызмат көрсөтүүлөр:

74.83

- материалдарды компьютердик жана ксерокөчүрмөлүк иштетүү боюнча;

1000

- машинкада жазуу боюнча;

500

- уюлдук байланыштын бирдигин салуу кызматтары

500

112

Кызмат көрсөтүүлөр:

80.42

- чет тилге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспорт айдоого, бычууга, тигүүгө, токууга жана башкаларга окутуу боюнча;

2000

- репетитор катары сабак окутуу боюнча

600

113

Үн жазуу, кино-видео тартуу жана караоке кызмат көрсөтүүлөрү

92.11

1500

114

Тойлорду жана ырым-жырымдарды музыкалык тейлөө кызматтары

92.31

2500

115

Оюндарды уюштуруу:

92.72

- акы алынуучу оюндарды (теннис, шахмат, шашки ж.б.);

1000

- "Русское-лото" жана "Бинго-лото" оюндары

2000

116

Катерлерде, теплоходдордо жана яхталарда сүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

92.72

50000

117

Үй шартында кир жууш боюнча тейлөөлөр

93.01

500

118

Визажисттин кызмат көрсөтүүлөрү

93.02

1000

119

Мүрзөгө эстеликтерди жана аны коштоочу буюмдарды жасоо

93.03

1200

120

Астрологиялык божомолдорду түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр

93.05

500

121

Гувернанткалардын, бала багуучулардын жана үй кызматчылардын кызматы

95.00

500

122

Телеантенналарды орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

95.00

800

123

Дюбель мыктарды кагуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр

95.00

900

124

Ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр

95.00

1000

";

2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасын бир айлык мөөнөттүн ичинде иштин түрүнө, кирешесине, мезгилдүүлүгүнө жана жүргүзүлчү ордуна жараша бекитсин;

- өз ишин ыктыярдуу патенттин негизинде жүргүзүшкөн жеке ишкерлерге жана уюмдарга жумушка жалданган адамдарга патенттерди берсин, алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эсептелген жеке киреше салыгынын белгиленген суммасы түрүндө аныкталат.

3. Тигүү өндүрүшүнүн жалданма кызматкерлерине патент эки формада, ар бир кызматкерге өзүнчө, фамилиясы боюнча, же бардык кызматкерлерге бир патент, ишкердин же уюмдун жетекчисинин колу коюлган, кызматкердин аты-жөнү, идентификациялык салык номери, паспортунун номери, берилген күнү жана ким тарабынан берилгенин көрсөтүлгөн тизме боюнча (2 нускада) берилери белгиленсин.

4. Ыктыярдуу патенттин негизинде иштөөчү адамдар, анын ичинде жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу взносторунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы N 378 "Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу взносторун төлөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык аныкталары белгиленсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
