# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-майындагы №320 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-майындагы №320 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 320
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59755>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13258/edition/1156544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59755.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-майындагы №320 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59755

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 25-майы № 320

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына ылайык баалуу металлдар жана асыл таштардын рыногун либерал-

даштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоо-

рун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

1-берене.

"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1994-ж., N 5,

157-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 17-беренеде:

- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"17-берене. Тамгалоо төлөмү";

- биринчи жана экинчи бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Тамгалоо төлөмү ички өндүрүштөгү, ошондой эле республикага сатып

өткөрүү үчүн алынып келинүүчү кымбат баалуу металлдардан жана асыл таш-

тардан жасалган зергер, тиричилик буюмдарына белги коюу, текшерүү жана

эн салуу, тамгалоо эн издерин техникалык экспертизалоо, кымбат баалуу

металл кошулган буюмдарды жана материалдарды экспертизалоо жана башка

лабораториялык иштер үчүн алынат.

Тамгалоо көзөмөлүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле тамгалоо төлөмү-

нүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2. 20-беренеде:

- биринчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

менен макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кыз-

маты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө ал-

маштырылсын;

- экинчи бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине

караштуу Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар башкармасына өткөрү-

лүп берилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металл-

дар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүп берилет" деген сөздөр-

гө алмаштырылсын.

3. 24-берене алып салынсын.

4. 25-беренеде:

- экинчи бөлүктө "мыйзамда белгиленген" деген сөздөрдөн кийин

"элүү" деген сез менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары-

нын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл

таштардан жасалган ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар

Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамле-

кеттик фондуна өткөрүп берилүүгө тийиш.".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
