# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №51 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №51 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13248/edition/439677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №51 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59745

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 24-январы № 51

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толук-

тоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жак-

тырылсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-

њешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы

көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши ка-

раган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайын-

далсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2002-ж., № 9, 410-б.)

төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 5-берене "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын" деген сөз-

дөрдөн кийин ", ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу ме-

нен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү

боюнча ыйгарым укуктуу органдан" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 6-берененин 2-пункту "банктык сырды камтыган" деген сөздөрдүн

алдында "ошондой эле, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен

алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү бо-

юнча ыйгарым укуктуу органга," деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келти-

ришсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
