# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №71 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №71 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13246/edition/439957/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-февралындагы №71 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59742

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 3-февралы № 71

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, техникалык жөнгө са-

луу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү, керектүү инсти-

туттук жана структуралык өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри

аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде карал-

ганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындал-

сын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги "Дары-дармек ка-

ражаттары жөнүндө" № 91 Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин ведомосттору, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьянын отуз биринчи бөлүгү алып салынсын.

2. 8-статьянын биринчи бөлүгүнүн он экинчи абзацы алып салынсын.

3. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"11-статья. Дары-дармек каражаттардын шайкештигин баалоо

Дары-дармек каражаттардын шайкештигин баалоо Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.".

4. 18-статьянын экинчи бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редак-

цияда берилсин:

"- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган доку-

мент бар болгон учурда сатууга.".

5. 22-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- сапатты, натыйжалуулукту жана коопсуздукту контролдоо боюнча

мамлекеттик кызматты өнүктүрүү;".

6. 36-статьянын бешинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын аймагына сапаты өндүрүүчү (берүүчү) же ор-

томчу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-

типте ырасталган гана дары-дармектерди алып кирүүгө уруксат берилет.".

7. 50-статьянын бешинчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редак-

цияда берилсин:

"- дары-дармек каражаттарды ал продукциянын коопсуздугун ырастоочу

документтер болгон учурда бөлүштүрүүгө.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укук актыларын ушул

Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
