# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59735>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13241/edition/595235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59735.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №308 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"токтому (18.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59735

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 18-майы № 308

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кредиттик тобокелдиктерди башкаруу системасын өркүндөтүү максатын- да Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссу- далар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайта- руунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобо- ну бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Кредиттик келишимдер же карыздык милдеттенмелер (мындан ары кредиттик келишим) боюнча заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү табигый кырсыктар болгондо, ошондой эле кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана өлчөмдөрдө келишимдик милдеттенмелерди ат- каруунун мүмкүндүгүн жокко чыгарган финансылык кыйынчылыктар пайда бол- гондо жүргүзүлөт. Бул учурда заемчу тарабынан көрүлгөн чаралар анын ишин турукташтырууга жана андан ары милдеттенмелерди тындырууну актив- дештирүүгө багытталууга тийиш.".

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Заемдук каражаттарды кайтарууну баштоо жана аяктоо мөөнөттөрүн өзгөртүү табигый кырсыктар болгондо, ошондой эле карызкор кризистик абалдан чыгуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн андан ары көбөйтүүнү жана чыгары- луучу продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуучу ишкананы реконструкциялоону, технологиялык өндүрүштү өркүндө- түүнү же алмаштырууну караган финансылык кыйынчылыктар пайда болгондо, ошондой эле олуттуу мезгилдик жана финансылык чыгымдарды талап кылган форс-мажордук кырдаалдарда жүргүзүлөт.".

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8. Өндүрүш ишканаларынын кредиттик келишим же карыздык милдеттен- мелер боюнча заемдук каражаттарды кайтаруусунун аяктоо мөөнөтү табигый кырсыктар болгондо, ошондой эле келишимдик милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткаруунун мүмкүндүгүн жокко чыгарган финансылык кыйынчылыктарга туш келгенде төмөнкүдөй узартылышы мүмкүн:

- карыздын калдыгы 1,0 млн. сомго чейин болгондо - 5 жылдан ашык

эмес;

- карыздын калдыгы 1,0 млн. сомдон 10,0 млн. сомго чейин болгондо

- 10 жылдан ашык эмес;

- карыздын калдыгы 10,0 млн. сомдон 20,0 млн. сомго чейин болгондо

- 15 жылдан ашык эмес;

- карыздын калдыгы 20,0 млн. сомдон 50,0 млн. сомго чейин болгондо

- 20 жылдан ашык эмес;

- карыздын калдыгы 50,0 млн. сом жана андан ашык болгондо - 25

жылдан ашык эмес";

- 9-пункттун төртүнчү абзацындагы биринчи сүйлөм алып салынсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
