# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-апрелиндеги №227 "Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-апрелиндеги №227 "Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.02.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13237/edition/423766/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.02.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-апрелиндеги №227 "Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.02.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59731

---

КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 13-апрели № 227

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз

Республикасынын жарандарын чакыруунун жана

аскердик кызмат өтөөнүн тартиби

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Чакырылуучу мобилизациялык резервге чакыруунун жана аскердик кыз-

мат өтөөнүн маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 41 жана 73-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын жа-

рандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана аль-

тернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бе-

ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жа-

рандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө тир-

келген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-

лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчи-

ликке алышсын жана өздөрүнүн түзүмдүк подразделениелеринде анын аткары-

лышын камсыздашсын.

3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Коргоо министрлигине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
