Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жарандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 6 февраля 2013 года № 52 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-02-06.
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 13-апрели № 227
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз
Республикасынын жарандарын чакыруунун жана
аскердик кызмат өтөөнүн тартиби
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Чакырылуучу мобилизациялык резервге чакыруунун жана аскердик кыз-
мат өтөөнүн маселелерин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 41 жана 73-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын жа-
рандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана аль-
тернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-бе-
ренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Чакырылуучу мобилизациялык резервге Кыргыз Республикасынын жа-
рандарын чакыруунун жана аскердик кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө тир-
келген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчи-
ликке алышсын жана өздөрүнүн түзүмдүк подразделениелеринде анын аткары-
лышын камсыздашсын.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 06.02.2013 · № 52
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.