# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-мартындагы №277 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткары мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-мартындагы №277 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткары мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 277
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13232/edition/328826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-мартындагы №277 "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткары мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"токтому (06.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59725

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 6-майы № 277

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен

сырткары мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу

базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун

катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Нормативдик укуктук актыларды "Кыргыз Республикасында эњ төмөнкү

эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренеле-

рине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сыртка-

ры мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо

көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 775 токтомуна төмөнкү-

дөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта:

экинчи абзацтагы "1 минимум эмгек акы" деген цифра жана сөздөр

"340 сом" деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын;

үчүнчү абзацта "1,6 минимум эмгек акы" деген цифралар жана сөздөр

"544 сом" деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын;

- 3-пункттагы "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пунктта:

биринчи абзацтагы "Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министр-

лиги" деген сөздөр "Билим берүү жана илим министрлиги" деген сөздөргө

алмаштырылсын;

бешинчи абзацтагы "областтык жана" деген сөздөр алып салынсын;

- 6-пунктта "Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий

өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү,

маданият жана спорт бөлүмүнө" дёген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үч ай-

лык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөл-

сүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
