# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №282 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №282 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13229/edition/328823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №282 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59722

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 8-майы № 282

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп да-

йындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

киргизүү тууралуу

1-берене.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1996-ж., № 7, 85-берене) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:

"Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд - максаттуу камсыздандыруу

фонду, анда камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынуу-

чу жана камсыздандырылган адамдын пайдасына инвестициялык киреше алуу

максатында инвестициялануучу пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоого

камсыздандыруу төгүмдөрү топтолот.

Инвестициялык киреше - баалуу кагаздар жана банктык депозиттер бо-

юнча дивидендер жана пайыздар (кирешелер), пенсиялык топтолгон каражат-

ты инвестициялоо боюнча операциялардын кирешелеринин башка түрлөрү.

Топтолгон пенсиялык камсыздоо - топтолуулардын системасы, пенсия-

лык топтолууларды инвестициялоо, жарандардын камсыздандыруу эсебинин

топтолуучу бөлүгү боюнча инвестициялык кирешени бөлүштүрүү жана алардын

негизинде пенсияларды төлөө.

Пенсиялык активдер - инвестициялоо, камсыздандырылган адамдын пай-

дасына инвестициялык киреше алуу, топтолгон пенсиялык фонддон пенсиялык

төлөмдү камсыздоо жана жүргүзүү үчүн багытталган каражаттар.

Пенсиялык келишим - бир тараптан топтоочу пенсиялык фонддун жана

экинчи тараптан салымчынын же алуучунун ортосунда пенсиялык төгүмдөр

жана топтоолор менен байланышкан укуктук мамилелерди белгилөө, өзгөртүү

же токтотуу жөнүндө түзүлө турган келишим (макулдашуу).

Пенсиялык топтоолор - пенсиялык топтоолорго түшкөн камсыздандыруу

төгүмдөрүнүн жана аларды инвестициялоодон алынган кирешенин эсебинен

түзүлгөн каражаттардын жарандардын жеке камсыздандыруу эсебинин топто-

луучу бөлүгүндө эсепке алынган жыйындысы.".

2. 8-беренеде:

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"жеке топтолуучу пенсиялык камсыздоо системасын уюштурууга;

мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондду уюштурууга жана башкаруу-

га;

башкаруучу компанияларга ишенимдик башкарууга пенсиялык активдерди

которууга;

жарандардын камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү боюнча ин-

вестициялык кирешелерди бөлүштүрүү жана пенсиянын топтолуучу бөлүгүн

төлөөнү жүргүзүүгө.".

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"пенсиялык топтоо каражаттын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө

жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамле-

кеттик органга пенсиялык топтоолорду башкаруу жөнүндө тиешелүү отчетту

өз убагында тапшырууга;

башкаруучу компанияларга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

каралган тартипте пенсиялык топтоолорду башкарууга укугу бар жана топ-

толуучу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен алектенген жеке пен-

сиялык фонддорго жана башка түзүмдөргө башкаруу үчүн камсыздандырылган

адамдын арызы боюнча камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин жи-

берүүгө.".

3. 9-берененин 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-тогузунчу

абзацтар менен толукталсын:

"пенсиялык келишим түзүү үчүн топтолуучу пенсиялык фондду тандоо-

го;

топтолуучу пенсиялык фондунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тара-

бынан аныкталуучу көлөмдө пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компани-

ялардын уюштуруучулары жөнүндө маалымат алууга;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топто-

олорун мурастоого;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын

чегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жатканда пенсиялык топтоолорду

кайтарып алууга.".

4. 21-берененин экинчи бөлүгү:

- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"пенсиялык активдерди инвестициялоодон түшкөн кирешелердин;".

5. 22-берененин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен

толукталсын:

"Билдирүүлөрдүн эмгек акы жана камсыздандыруу салымдары жөнүндө

бөлүгүндөгү маалыматтар кагазда жазылган, ошондой эле электрондук фор-

мада (магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча) документ түрүндө бери-

лиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү элект-

рондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-

гиленген маалыматты коргоонун башка системасы менен ырасталууга ти-

йиш.".

2-берене.

Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
