Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 6-майы № 274
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө
Рамкалык Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын
экинчи Улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу
Кыргыз Республикасы "Кыргыз Республикасынын БУУнун климаттын өзгө-
рүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясына жана БУУнун ЕЭКсынын Абанын алыскы
аралыкка чек аралардын өтүп булганышы боюнча конвенциясына кошулуусу
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган 1992-жылдын
9-майындагы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясынын
4-статьясына жараша Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну
камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө
Рамкалык Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи Улуттук бил-
дирүүсү жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү
коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республи-
касынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте Улуттук билдирүү
2009-жылы Тараптардын Конференциясынын сессиясына коюлушун камсыздасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 6-майындагы
№ 274 токтому менен
жактырылган
Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө
Рамкалык Конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын
ЭКИНЧИ УЛУТТУК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасы Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо кырка системала-
рынын чегинде жайгашкан. Республиканын аймагынын дењиз дењгээлинен ор-
точо бийиктиги 2630 м. Аймактын 93 процентке жакыны дењиз дењгээлинен
1000 м ашык бийиктикте, 85 проценти - 1500 м ашык бийикте жана 42 про-
центке жакыны 3000 м ашык бийикте жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын калкынын саны 2006-жылдын 1-январына карата
5166,4 мињ адамды түзгөн. Республиканын аймагындагы калктын жайгашуусу
өтө ар түрдүү жана көбүнчө өрөөндүү-тоо этегиндеги климаттык зонада
топтолгон, ал жер жашоо шарты ыњгайлуу райондорго кирет жана республи-
канын аймагынын 20 процентке жакынын түзөт. Бул зонада калктын басымдуу
көпчүлүгү жашайт жана негизинен чарбалык иштер топтолгон.
Ар бөлөк түрдөгү тоо кыркалуу альпы тибиндеги рельеф бул жерде
климаттын абдан өзгөрмөлүүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын аймагынын
климаттык төрт регионго бөлүнүшүн шарттаган.
Жер бетиндеги катмарда абанын байкалган жылдык орточо температура-
лары дењиз дењгээлинен жогору жакта +10 градустан (1000 м жапызыраак
бийиктиктерде) -5 градуска чейин (3000 м бийикте) диапазонго чейин ал-
машып турат.
2003-жылга карата маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында токой
баскан жерлердин аянты 8649 кв.км, калган токойлуу жерлердин аянты (ту-
таш эмес токой өсүмдүктөр, токой питомниктери, плантациялары, сейрек
токойлор жана токойду калыбына келтирүүгө жарактуу башка жерлер) - 3089
кв.км. Вертикаль тилкелүүлүк жана ар түрдүү климаттык зоналар бир жагы-
нан токойлук резервуарларда токой жаратуучу породалардын абдан ар түр-
дүүлүгүн, экинчи жагынан өлкөнүн аймагында токойлордун аз (4,32%) болу-
шун шарттаган. Республикада табигый шартта дарак өсүмдүктөрдүн 30 поро-
дасы жана 17 бадалдардын ашык түрү бар. Биомассасынын өсүш коэффициенти
салыштырмалуу аз болгон арча жана карагай токойлор кыйла кењири тара-
ган.
2000-жылга карата мөњгүлөрдүн көлөмү 417,5 куб.км деп эсептелген.
Республиканын көлдөрүндө суунун запасы 1745 куб.км түзөт, анын ичинен
1731 куб.км Ысык-көлдө топтолгон, анын суусу туздуу жана суу менен жаб-
дууга жараксыз. Республиканын аймагында 5 мињдин тегерегиндеги өзөн
суулар бар, алар 8 гидрологиялык бассейнге - анын ичинде Сыр-Дарыя,
Аму-Дарыя, Чүй, Талас, Иле (Каркыра), Тарим дарыяларына жана суу агып
чыкпаган Ысык-Көл жана Чатыр-Көл көлдөрүнө тиешелүү. Республиканын ай-
магынан суунун көп жылдар бою жылдык орточо агып чыгышы 48,6 куб.км деп
бааланат. Кыргыз Республикасынын жер астындагы тузсуз сууларынын потен-
циалдуу запасы 13 куб.км деп бааланат.
Республиканын гидроэнергетикалык потенциалы суу орточо болгондогу
кубаттуулугу боюнча 28828 мињ кВт жана жана электр энергиясын иштеп чы-
гаруусу боюнча 249 млрд. кВт-с деп бааланат.
Көмүрдүн болжолдуу запасы 2006-жылдын 1-январына карата баланстык
запас - 1316,9 млн. тонна (750,7 млн. тонна шарттуу отун) менен 2,2
млрд. тоннадан ашык деп бааланат. Көмүр казуунун максимум көлөмү
1979-жылдагы 4508 мињ тоннадан 2006-жылы 314,3 мињ тоннага чейин азай-
ган.
Нефтинин өнөр жайлык запасы 11,6 млн. тоннаны, ал эми жаратылыш
газыныкы - 4,9 млрд. куб.м түзөт. Нефти жана жаратылыш газын казып алуу
көлөмү анча эмес жана 1991-2007-жылдардагы мезгилде (нефти боюнча) 2,2
эсе жана (газ боюнча) 6,4 эсе азайган. Республика өзүнүн нефти продук-
тулары жана газ менен 5 проценттен азыраак камсыздалган жана сырттан
алып келүүлөргө орчундуу даражада көз каранды.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык ресурстар ме-
нен камсыздыгы 2005-жылы 77,57 процентти түзгөн. Күн энергиясынын по-
тенциалы 1 кв.м 500-600 Вт/сааттан (жайында) жана 300-400 Вт/саатка
чейин (кышында). Биогаз чыгаруунун улуттук потенциалы 200 мињ куб.м жа-
кынды түзөт, бул болжол менен 5 ТДж энергияга барабар.
1990-жылдан 2006-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын со-
циалдык-экономикалык өнүгүүсү эки этапка бөлүнөт. Биринчи этапта
(1991-1995-жылдар) айрыкча өнөр жайда ИДПда кескин төмөндөө болду.
Экинчи этапка (1996-2006-жылдар) ИДПнын өсүшү мүнөздүү. Ошол эле учурда
республиканын экономикасынын структурасы өзгөрүп, башка секторлордун
эсебинен кызмат көрсөтүү секторунун үлүшү көбөйдү.
Республиканын тоолуу рельефи жана кеме жүрүүчү дарыялар жоктугу
ички ташууларда автомобиль транспортунун үстөмдүк ролун шарттайт. Түн-
дүк багыттагы сырткы ташууларда (КМШ, Европа) темир жол транспорту ал-
дыњкы ролду ойнойт. 1995-жылдан тартып жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү та-
шуу орчундуу көбөйүүдө.
Инвентаризация
Антропогендик эмиссияларга жана парник газдарды жутуп алгычтардын
абсорбциясына инвентаризация 2001-жылдан 2005-жылга чейинки мезгилде
жүргүзүлгөн. Бардык секторлордо мурда алынган (1990-2000-жылдар мезги-
линде) натыйжалар кайрадан эсептелди, аны жүргүзүү зарылдыгы жањы алын-
ган негиздик маалыматтар жана эмиссиянын улуттук коэффициенттери жөнүн-
дө маалыматтар менен да, ошондой эле эсептөөнүн мурда алынган алгоритм-
дерин тактоо менен да шартталган. Кайра эсептөө ошондой эле эмиссиялар-
ды жана саркындыларды республиканын бардык администрациялык бирдиктери
(облустар жана республикалык баш ийүүдөгү шаарлар) боюнча баалоо масе-
лесин толук чечилүүгө үчүн да зарыл болгон.
Инвентаризация колдонуудагы рекомендацияларга ылайык төмөнкүдөй
бөлүмдөр боюнча жүргүзүлдү:
- энергетика;
- өнөр жайлык процесстер;
- эриткичтерди жана башка продукцияны пайдалануу;
- айыл чарба;
- жер пайдалануунун өзгөрүшү жана токой чарбасы;
- таштандылар.
Инвентаризациялоо процессинде төмөнкүдөй парник газдардын эмиссия-
сы аныкталды:
- көмүртектин диоксиди (СO2);
- метан (СН4);
- азоттун кычкылы (N2O);
- гидрофторкөмүртектер (ГФУ);
- перфтокөмүртектер (ПФУ);
- күкүрттүн гексафториди (SF6).
Ошондой эле прекурсор-газдардын эмиссиясы да аныкталды:
- көмүртектин оксиди (СО);
- азоттун оксиди (NOx);
- метан эмес учкуч органикалык бирикмелер (МЭУОБ)
- күкүрттүн оксиди (SOх).
Ошондой эле эл аралык ташууларда бункердик отунду пайдалангандык-
тын натыйжасындагы парник газдардын эмиссиясына жана биомассадан чыккан
көмүртектин диоксидинин эмиссиясына баа берүү жүргүзүлдү.
Инвентаризациянын бардык этаптарында (баштапкы маалыматтарды топ-
тоо жана талдоо, эсептөө, жыйынтыктарды талдоо) контролду жана сапатты
камсыздоо жол-жоболору жасалды.
1-сүрөттө парник газдардын суммасынын эмиссиясы айрым газдар боюн-
ча бөлүштүрүлгөнү, ал эми 2-сүрөттө бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүлгөнү көр-
сөтүлдү. "Эриткичтерди пайдалануу" бөлүмү берилген жок, анткени анда
парник газдардын эмиссиясы болбойт.
1-сүрөт. Өзүнчө газдарды эсепке алганда бардык парник газдардын
суммалаштырылган эмиссиясы. Графикте ГФУ-134а эмиссиясы
көрсөтүлгөн жок, анткени ал салыштырмалуу анча көп эмес
Суммалык эмиссиянын тенденцияларынын мүнөзү өлкөнүн экономикасынын
абалын кайсы бир даражада чагылдырат. 1994-жылдан кийин ИДПнын бир
учурда өсүшү менен дээрлик бир дењгээлде турукташуу кызмат көрсөтүү
сектору сыяктуу парник газдардын эмиссиясына анчейин салым кошпогон
секторлордун үлүшү көбөйүшүнүн эсебинен ИДПнын структурасы өзгөрүшү ме-
нен аныкталат. Инвентаризация мезгилинде газдар боюнча жана бөлүмдөр
боюнча бөлүштүрүүдөгү өзгөрүүлөр орчундуу эмес. Негизги салымды көмүр-
тек диоксиди (76%), андан кийин метан (23%) жана азоттун кычкылы (1%)
кошот. Көмүртек диоксидинин негизги эмиссиясы "Энергетика" бөлүмүндө
көрүүнөө (95%ке жакын). Метандын эмиссиясы негизинен айыл чарбада 62,9
процент, андан ары "Калдыктар" бөлүмүндө - 19,1 процент жана "Энергети-
када" - 17,8 процент. Метандын эмиссиясынын жылдар боюнча өзгөрүүлөрү
негизинен анын "Энергетика" жана "Таштандылар" бөлүмдөрүндө азайышы ме-
нен аныкталат. Азот кычкылынын баарынан көп эмиссиясы "Таштандылар" бө-
лүмүндө - 49,4 процент, андан ары "Энергетика" бөлүмүндө 25,5 процент
жана "Айыл чарба" бөлүмүндө - 24,8 процент байкалат.
2-сүрөт. Өзүнчө газдарды эсепке алгандан бөлүмдөр боюнча парник
газдардын суммасынын эмиссиясы
Кыргыз Республикасында күкүрттүн гексафторидинин, гидрофторкөмүр-
тектердин жана перфторкөмүртектердин эмиссияларына баа берүү биринчи
жолу аткарылды. Республикада жогоруда аталган заттардын ичинен ГФУ га-
на, атап айтканда ГФУ-134а пайдаланылаары талдоонун негизинде аныктал-
ды. ГФУ негизинен муздаткыч жабдууларда муздатуучу зат катары пайдала-
нылат. ГФУнун көлөмүн аныктоо үчүн тейлөөчү ишканалардын керектөөсүнүн
конкреттүү көлөмдөрүнө негизделген төмөндөн-жогоруга деген методология
кабыл алынган, анткени расмий статистикада жана бажы органдарында анын
алынып келиши фрагменттүү катталат. Жөнөкөйлөштүрүү үчүн конкреттүү жыл
ичинде пайдаланылган бардык көлөм атмосферага чыгарылат деп эсептелген.
ГФУ-134а эмиссиясынын орчундуу көлөмдөрү 2000-жылдан баштап байкалууда,
2005-жылы эмиссия CO2 эквивалентинде 0,0095 Гг түзгөн.
Метан эмес учуучу органикалык бирикмелердин эмиссиясы 2001-жылдан
баштап кескин көбөйүшү жолдорду асфальттоо боюнча иш активдешкени менен
түшүндүрүлөт.
3-сүрөт. Прекурсор-газдардын айрым газдар боюнча суммалык
эмиссиясы
4-сүрөт. Прекурсор-газдардын бөлүмдөр боюнча суммалык эмиссиясы
Базалык сценарийлер
Талылуулукту баалоо, улуттук эмиссияларды болжолдоо жана таасирин
жењилдетүү боюнча чараларды тандоо үчүн климаттык, макроэкономикалык
жана демографиялык базалык сценарийлер иштелип чыккан. Өкмөттөр аралык
эксперттер тобу иштеп чыккан климаттын өзгөрүшү боюнча 48 климаттык
сценарийдин ичинен экономикалык жана демографиялык көрсөткүчтөрү орточо
A2-ASF жана B2-MESSAGE сценарийлер тандап алынды.
Эсептөөлөр эсептик негизги үч облус жана интерполяция үчүн пайда-
ланылчу алты кошумча облус боюнча аткарылды.
1-таблица. Кыргызстандын аймагындагы эсептик облустардын
координаттары
| Эсептик облус | Координаттар | |
| Түндүк кењдик | Чыгыш узундугу | |
| Түндүк-чыгыш | 40-45 град. | 70-75 град. |
| Ички Тянь-Шань | 40-45 град. | 75-80 град. |
| Түштүк-батыш | 35-40 град. | 70-75 град. |
| Кошумча 1 | 45-50 град. | 70-75 град. |
| Кошумча 2 | 45-50 град. | 75-80 град. |
| Кошумча 3 | 40-45 град. | 65-70 град. |
| Кошумча 4 | 40-45 град. | 80-85 град. |
| Кошумча 5 | 35-40 град. | 65-70 град. |
| Кошумча 6 | 35-40 град. | 75-80 град. |
Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу сунуш
кылган 17 глобалдык климаттык моделдин баары пайдаланылды. Ар бир эсеп-
тик облус жана кабыл алынган эки сценарий үчүн минимум жана максимум
чоњдуктарды бөлүп көрсөтүү менен температуранын өзгөрүшүнүн жана
жаан-чачындардын айлар боюнча өзгөрүшүнүн орточо моделдик өз ара байла-
ныштары тартылды.
2-таблица. 1961-1990-жылдардагы базалык мезгилге карата Кыргыз
Республикасынын аймагында 2010-жылы температуранын
жылдык орточо маанилеринин өсүшү
| Эсептик облустун | A2-ASF | B2-MESSAGE | ||
| координаттары | ||||
| Моделдер | Орточо | Моделдер | Орточо | |
| боюнча | өcүш | боюнча | өсүш | |
| диапазон | диапазон | |||
| 40-45 град. т.к., | 4,7-7,8 | 6,2 град. | 3,6-5,8 | 4,6 град. |
| 70-75 град. ч.у. | град. Цельсия | Цельсия | град. | Цельсия |
| Цельсия | ||||
| 40-45 град. т.к., | 4,5-8,2 | 6,1 град. | 3,5-6,0 | 4,6 град. |
| 75-80 град. ч.у. | град. Цельсия | Цельсия | град. | Цельсия |
| Цельсия | ||||
| 35-40 град. т.к., | 5,1-8,4 | 6,2 град. | 3,8-6,1 | 4,6 град. |
| 70-75 град. ч.у. | град. Цельсия | Цельсия | град. | Цельсия |
| Цельсия |
Температуранын эњ катуу жогорулашы жай мезгилинде, эњ аз жогорула-
шы кышкы мезгилде болоорун белгилей кетүү керек.
3-таблица. 1961-1990-жылдардагы базалык мезгилге карата Кыргыз
Республикасынын аймагында 2010-жылы жаан-чачындардын
жылдык суммасынын өзгөрүшү
| Эсептик облустун | A2-ASF | B2-MESSAGE | ||
| координаттары | ||||
| Моделдер | Орточо | Моделдер | Орточо | |
| боюнча | өcүш | боюнча | өсүш | |
| диапазон | диапазон | |||
| 40-45 град. т.к., | (-)41,8-48,0% | 2,1% | (-)27,2-24,0% | 2,1% |
| 70-75 град. ч.у. | ||||
| 40-45 град. т.к., | (-)25,9-59,9% | 1,3% | (-)16,7-40,9 | 1,3% |
| 75-80 град. ч.у. | ||||
| 35-40 град. т.к., | (-)43,4-28,7% | (-)2,0% | (-)30,9-17,5 | (-)3,1% |
| 70-75 град. ч.у. |
Кыргыз Республикасынын бардык эсептик облустары үчүн жаан-чачын-
дардын көбөйүү жагын карай да, азаюу жагын карай да мүмкүн болгон ор-
чундуу өзгөрүү фонунда 1961-1990-жылдардагы базалык мезгилге караганда
жаан-чачындардын жылдык жалпы, ошондой эле сезондук суммалары да анча
көп эмес өзгөрүшү күтүлөт. Ар түрдүү моделдер үчүн кыйла айырма жайкы
мезгилде байкалат. Жайкы мезгилде жаандын кыйла азайышы, кыш мезгилинде
кыйла көбөйүшү күтүлөт.
Макроэкономикалык сценарийлер "Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына"
ылайык, экономикалык өнүгүү темптеринин андан ары басањдоосун (эл ара-
лык уюмдардын божомолдоруна ылайык) жана дүйнөлүк рынокто энергия бу-
лактарына баалардын жалпы өсүш тенденциясынын, ошондой эле башка фак-
торлордун таасирлерин эске алуу менен үч вариантка негизделди. Биринчи
сценарий үчүн 2020-жылга карата ИДПнын жылдык өсүш темптери 104 процен-
тке чейин жана 2100-жылга карата 103 процентке чейин азайышы болжолдо-
нот. Экинчи сценарийде ИДПнын жылдык өсүш темптери 2020-жылга карата
103 процентке чейин жана 2100-жылга карата 102 процентке чейин азайышы
болжолдонот. Үчүнчү сценарийде ИДПнын жылдык өсүш темптери 2020-жылга
карата 102 процентке чейин жана 2100-жылга карата 101 процентке чейин
азайышы болжолдонот.
Демографиялык сценарийде республиканын калкынын максимум саны
2050-жылы жетишилет деп белгиленет, ал эми 2100-жылга карата республи-
канын калкынын саны бир топ азайып, бирок 2005-жылга салыштырганда кө-
бүрөөк болот. Бул Кыргызстанда көп балалуу болуу шарттары жана адаттары
кайсы бир даражада сакталаары менен шартталат. Ошондой эле калктын
жаш-курак структурасы көп жашаган адамдардын саны көбөйүү жагын карай
өзгөрүүсү жана өмүрдүн узаруусу күтүлөт.
Климаттын өзгөрүшүнө талылуулукту баалоо
жана ага ыњгайлашуу боюнча чаралар
Эл аралык тажрыйбанын жана мурда жүргүзүлгөн улуттук изилдөөлөрдүн
негизинде климаттын өзгөрүшүнө айрыкча талылуу секторлор катары төмөн-
күлөр тандалды:
- суу ресурстар (мөњгүлөрдүн параметрлери, жер үстүндөгү аккан
суулардын көлөмү, көлдөрдүн параметрлери);
- элдин саламаттыгы (элдин ооруларга жана өлүмгө учуроочулугу);
- айыл чарба (жылуулук менен камсыздык, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
жана жайыттардын ар кайсы түрлөрүнүн түшүмдүүлүгү);
- климаттык өзгөчө кырдаалдар (селдердин, жер көчкүлөрдүн, бийик
тоолордогу көлдөрдүн жырылып кетүүсүнүн, көчкүлөрдүн аз-көптүгү).
Мөњгүлөр жана жер үстүндөгү агын суулардын көлөмү үчүн талылуулук-
ка баа берүү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу
проблемалары жана гидроэнергетика институтунда иштелип чыккан Кыргызс-
тандын аймагында рельефтин жана кургак жерлерди сууландыруу шарттарынын
цифралык моделдеринин комплексин пайдалануу менен аткарылды.
4-таблица. Климаттын өзгөрүшүнүн кыйла ыктымалдуу варианттары үчүн
мөњгү басуунун эволюциясын моделдештирүүнүн натыйжалары
(dТ - жылдык орточо температуранын өзгөрүшү град.
Цельсия менен, m - жаан-чачындардын жылдык суммасынын
базалык мезгилге карата катышы)
| М dТ (град. Цельсия) | 2,96 | ||||
| Параметр | 2050 | 2100 | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | ||
| 1,16 | Саны | 2803 | 1446 | ||
| Аянт, кв.км | 3573,0 | 2320,7 | |||
| Көлөм, куб.км | 233,49 | 161,77 | |||
| Калыњдык, м | 65,35 | 69,71 | |||
| 1,06 | Саны | 3097 | 1484 | ||
| Аянт, кв.км | 3861,6 | 2428,1 | |||
| Көлөм, куб.км | 251,06 | 169,65 | |||
| Калыњдык, м | 65,01 | 69,87 | |||
| 0,96 | Саны | ||||
| Аянт, кв.км | |||||
| Көлөмү, куб.км | |||||
| Калыњдык, м | |||||
| 0,86 | Саны | ||||
| Аянт, кв.км | |||||
| Көлөмү, куб.км | |||||
| Калыњдык, м | |||||
| 0,76 | Саны | ||||
| Аянт, кв.км | |||||
| Көлөмү, куб.км | |||||
| Калыњдык, м | |||||
| 3,96 | 4,96 | 5,96 | |||
| 2050 | 2100 | 2050 | 2100 | 2050 | 2100 |
| 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
| 1958 | 721 | 1276 | 378 | 897 | 227 |
| 2901,7 | 1529,9 | 2214,8 | 1039,1 | 1716,2 | 742,0 |
| 197,24 | 115,39 | 157,14 | 83,15 | 126,87 | 61,89 |
| 67,97 | 75,42 | 70,95 | 80,02 | 73,92 | 83,41 |
| 1442 | 397 | 988 | 238 | 651 | 142 |
| 2395,2 | 1092,0 | 1861,0 | 783,3 | 1453,6 | 571,5 |
| 168,89 | 87,52 | 136,44 | 65,44 | 111,23 | 49,25 |
| 70,51 | 80,15 | 73,31 | 83,55 | 76,52 | 86,17 |
| 1071 | 251 | 741 | 152 | 508 | 87 |
| 2014,7 | 8276,0 | 1573,2 | 609,0 | 1258,8 | 452,3 |
| 146,63 | 69,18 | 119,37 | 52,47 | 99,06 | 39,75 |
| 72,78 | 83,66 | 75,88 | 86,16 | 78,70 | 87,89 |
| 402 | 59 | ||||
| 1104,6 | 362,4 | ||||
| 89,06 | 32,21 | ||||
| 80,63 | 88,87 |
5-таблица. Жалпысынан Кыргызстан үчүн жер үстүндөгү агын сууларды
моделдештирүүнүн натыйжалары (dТ - жылдык орточо
температуранын өзгөрүшү град. Цельсия менен,
m - жаан-чачындардын жылдык суммасынын базалык
мезгилге карата катышы)
| dT (град. Цельсия) | 2,72 | 3,72 | 4,72 | 5,72 | ||||
| m | ------------ | ----------- | ----------- | ------------- | ||||
| 2050 | 2100 | 2050 | 2100 | 2050 | 2100 | 2050 | 2100 | |
| 1,16 | 43,78 | 42,42 | ||||||
| 1,06 | 43,68 | 41,31 | 41,67 | 38,44 | 39,86 | 36,17 | ||
| 0,96 | 37,74 | 32,19 | 36,15 | 30,45 | 34,75 | 29,04 | ||
| 0,86 | 32,65 | 25,22 | 31,45 | 24,1 | ||||
| 0,76 | 29,36 | 20,43 |
Бардык мүмкүн болуучу климаттык сценарийлер үчүн мөњгүлөрдүн суу
берүүсүнүн азаюусу дарыя агымынын ички жылдык бөлүштүрүлүүсүнө абдан
таасирин тийгизет, ошону менен анын жайкы максимумун олуттуу кыскартып,
аны абдан эрте мөөнөткө жылдырат. Катуу түрдө жааган атмосфералык
жаан-чачындарды аккумуляция кылып, мөњгүлөр суунун көп бөлүгүн жыл бою
айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү болгон жайкы убакта берет, ошондой эле
суу азайган аба-ырайы ысык жылдарда дарыя агымын көбөйтөт.
Климаттын өзгөрүүсү көлдөрдүн абалына да олуттуу таасирин тийги-
зүүсү мүмкүн. Алсак, Ысык-Көлдүн акваториясынын аянтынын 232ден 1049
кв.км чейинки чоњдукта азаюусу жана көлдөгү суунун дењгээли 2000-жылга
салыштырганда 5,1ден 27,5 м чейин ылдыйлоосу күтүлүүдө. Суу агып чыкпа-
ган башка көл Чатыр-Көл үчүн бардык мүмкүн болгон климаттык сценарий-
лерде ал жылына толугу менен кургап турган анча чоњ эмес көлмөгө гана
айланаары белгиленген.
Суу ресурстары үчүн адаптациялоо процессинин деталдуу этаптары ар
бир регион үчүн конкреттүү болууга тийиш, бирок төмөнкүлөр бардык учур-
ларда аткарылуучу жалпы иштер болуп эсептелет:
- сууну сактоо жана кармап туруу үчүн ирригациялык системаларды
натыйжалуу жана аяр башкаруу;
- үстүњкү агымды жөнгө салуу жана суу сактагычтарда суунун запасын
түзүү;
- жоготууларды азайтуу максатында сууну бөлүштүрүүнүн заманбап,
абдан натыйжалуу системасын жана бөлүштүрүү режимдерин колдонуу;
- бар болгон ресурстарды натыйжалуу колдонууда сууну пайдаланган-
дыгы үчүн акы төлөө системасын киргизүүнүн эсебинен суу пайдалануучу-
ларга дем берүү.
Климаттын өзгөрүүсү айыл чарбасы үчүн биринчи кезекте аймакты аг-
роклиматтык райондоштуруудагы негизги факторлордун бири болуп эсептел-
ген жылуулук режимин (жылуулук менен камсыз болуу) өзгөртөт. Жылуулук
менен камсыз болуунун жогорулашы ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн иш-
тетүүнү да олуттуу өзгөртөт:
- Түндүк-батыштагы региондо 2100-жылы A2-ASF сценарийи боюнча 1400
м бийиктикке чейинки климат ысыктан мээлүүн климатка чейин болсо, ал
эми B2-MESSAGE сценарийи боюнча мындай климат 1200 м чейинки бийиктикте
болот. A2-ASF сценарийи боюнча суук түшпөгөн убакыттын узактыгы 600 м
бийиктикте 264 күндөн баштап 3000 м бийиктикте 120 күнгө чейинки мез-
гилди түзөт; B2-MESSAGE сценарийи боюнча ал 600 м бийиктикте 246 күндү,
ал эми 3000 м бийиктикте 103 күндү түзөт.
- Түндүк-чыгыш региондо 2100-жылы A2-ASF сценарийи боюнча көлдүн
жээгине 1800 м бийиктикке чейин мээлүүн ысык климат болот, ал эми
B2-MESSAGE сценарийи боюнча ойдуњда ысык климат болбойт. A2-ASF сцена-
рийи боюнча суу түшпөгөн убакыттын узактыгы 1600 м бийиктикте 304 күн-
дөн баштап 3000 м бийиктикте 102 күнгө чейинки мезгилди түзөт.
B2-MESSAGE сценарийи боюнча ал 1600 м бийиктикте 255 күндү, ал эми 3000
м бийиктикте 73 күндү түзөт.
- Ички Тянь-Шанда 2100-жылы A2-ASF сценарийи боюнча мээлүүн ысык
климат 1800 м бийиктикте болсо, ал эми B2-MESSAGE сценарийи боюнча Ички
Тянь-Шанда ысык климат болбойт.
- Түштүк-батыш региондо 2100-жылы A2-ASF сценарийи боюнча 2000 м
бийиктикке чейин климат ысыктан мээлүүн климатка чейин болот, ал эми
B2-MESSAGE сценарийи боюнча мындай климат 1600 м бийиктикке чейин бо-
лот. A2-ASF сценарийи боюнча суук түшпөгөн убакыттын узактыгы 600 м
бийиктикте 294 күндөн баштап 3000 м бийиктикте 161 күнгө чейинки мез-
гилди түзөт. B2-MESSAGE сценарийи боюнча ал 600 м бийиктикте 276 күндү,
ал эми 3000 м бийиктикте 144 күндү түзөт.
Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасы үчүн ар кандай жылуулук ме-
нен камсыз кылынган аянттардын бөлүштүрүлүшү олуттуу өзгөрөт, алсак, >
4000 град. Цельсия жылуулук менен камсыз кылынган аймактардын аянттары
2100-жылы 2 эседен көп болмокчу. Нымдуулуктун азайышынын эсебинен чөл-
дөрдүн ариддик зонасынын жана жарым чөлдөрдүн ариддик зонасынын аянты
2000-жылы 15,0%тен баштап 2100-жылы 23,3-49,7%ке чейин көбөйүшү мүмкүн.
Ички Тянь-Шандын сырттарындагы бийик тоолуу алыскы жайыттарынын аянтта-
ры жана алардын азыктуулугу олуттуу азайып, төмөндөшү мүмкүн. Негизги
айыл чарба өсүмдүктөрү жана жайыт өсүмдүктөрүнүн ар кандай түрлөрү үчүн
түшүмдүүлүктүн климаттык көрсөткүчтөрдүн күтүлгөн өзгөрүүлөрүнө болгон
көз карандылыгы бааланган, мунун өзү адаптациялоо чараларынын негизги
багыттарын тандоодо негиз болуп саналат.
Адаптациялоонун негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- колдонулуп жаткан айыл чарба процесстерин технологиялык жактан
өркүндөтүү;
- айрым менчик ээлеринин ишине дем берген экономикалык механизм-
дер;
- айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун негизги жолдорун аныктоо.
Статистикалык моделдердин базасында климаттын өзгөрүүсүнүн төмөнкү
медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрү менен болгон байланыштарына
талдоо жүргүзүлгөн. Изилдөөлөрдүн натыйжалары медициналык-демографиялык
көрсөткүчтөрдүн климаттын өзгөрүүсүнө болгон олуттуу көз карандылыгын
көрсөтүүдө:
1. 2100-жылга карта ичеги-карындын катуу ооруулары менен калктын
оорусунун көрсөткүчтөрүнүн көбөйүүсү күтүлүүдө. Ичеги-карындын катуу
оорулары менен оорунун күтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн маанилери A2-ASF сце-
нарийи боюнча 2100-жылы 100 мињ адамга 57,0 учурга, ал эми B2-MESSAGE
сценарийи үчүн бир нече төмөн - 54,4 учурга жетиши мүмкүн, б.а. өсүш
2005-жылдагы оорунун базалык көрсөткүчтөрүнө салыштырганда тиешелүү
түрдө 15,9%ти жана 10,6%ти түзөт;
2. 2005-жылга салыштырганда кан айлануу системасынын оорулары ме-
нен ооругандар олуттуу көбөйөт (Чүй облусу үчүн A2-ASF жана B2-MESSAGE
сценарийлеринде тиешелүү түрдө 69,6%ти жана 45,6%ти түзөт; Ысык-Көл об-
лусу үчүн A2-ASF жана B2-MESSAGE сценарийлеринде тиешелүү түрдө 13,5%ти
жана 8,3%ти түзөт; Жалал-Абад облусу үчүн A2-ASF жана B2-MESSAGE сцена-
рийлеринде тиешелүү түрдө 73,2%ти жана 37,6%ти түзөт). Республиканын
түндүк жана түштүк региондору үчүн ооруунун болжол менен бирдей көбөй-
үүсү күтүлүүдө. Ысык-Көл облусундагы оорунун аз өсүшү (B2-MESSAGE сце-
нарийи үчүн ал тургай бир катар азаюусу) экстремалдуу температурага
Ысык-Көлдүн тийгизген жумшартуучу таасиринин айынан пайда болгон облус-
тун климаттык шарттарынын олуттуу өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт;
3. Аялдардын зыяндуу шишиктер менен оорусунун дењгээли жогорулап
(2000-жылга салыштырганда болжол менен 7%ке), эркектердики ылдыйлайт;
4. 2005-жылга салыштырганда 2100-жылы кан айлануу системасынын оо-
руларынан калктын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн өсүшү күтүлүүдө.
Саламаттык сактоону климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо боюнча не-
гизги чаралар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- климаттык өзгөрүүлөрдүн республиканын калкынын ден соолугуна
тийгизген терс таасирлерин баалоо проблемасы боюнча илимий-изилдөө иш-
терин кењейтүүнү жана алдын алуунун жана адаптациялоонун тиешелүү чара-
ларын негиздөөнү;
- климаттык өзгөрүүлөрдүн республиканын калкынын ден соолугуна
тийгизген таасирлерин баалоо боюнча улуттук баяндамаларды үзгүлтүксүз
даярдоону;
- адистердин жана коомчулуктун маалыматка ээ болуу дењгээлин жого-
рулатууну;
- эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана коомдук саламаттык сактоонун
адистерине билим берүү жана окутуу системасын өркүндөтүүнү;
- Климаттык өзгөрүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын калкынын ден соо-
лугуна тийгизген терс таасирин алдын алуу жана азайтуу боюнча иш-ара-
кеттердин улуттук планын иштеп чыгууну.
Бийик тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасынын аймагына коркунуч-
туу табигый-климаттык процесстер жана кубулуштар олуттуу таасир тийги-
зээрин эске алып, 2100-жылга чейинки убакытка өзгөчө кырдаалдардын өнү-
гүүсүнүн мүмкүн болгон прогнозун статистикалык моделдердин негизинде
баалоо жүргүзүлгөн. Жер көчкүлөрдүн, селдердин, суу ташкындарынын жана
бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүлөрүнүн, көчкүлөрдүн коркунучун
баалоо каралган.
Коркунучтарды баалоо өзгөчө кырдаалдардын мониторингинде жана тал-
доодо республикада салттуу түрдө бөлүп көрсөтүлүүчү негизги үч регион
үчүн (Борбордук, Түндүк жана Түштүк) жүргүзүлгөн. Селдер, суу ташкында-
ры жана бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүлөрү бир категорияга би-
риктирилген, себеби бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүлөрү абдан
сейрек көрүнүш жана аны өзүнчө моделдөө абдан татаал. 2100-жылга чейин-
ки убакытка эсептөөлөрдүн натыйжалары төмөнкү корутундуларга алып кел-
ди.
1. Түштүк региону үчүн жер көчкүлөрдүн жүрүү мүмкүндүгү A2-ASF
сценарийи боюнча дээрлик өзгөргөн эмес, ал эми B2-MESSAGE сценарийи бо-
юнча бир нече көбөйгөн. Селдин, суу ташкындарынын жана бийик тоодогу
көлдөрдүн жырылып кетүүлөрүнүн болуу мүмкүндүгү A2-ASF жана B2-MESSAGE
сценарийлери боюнча бир нечеге жогорулайт. Бардык сценарийлер үчүн Чат-
кал районунда көчкүлөрдүн жүрүү мүмкүндүгү жогорулайт, ал эми Токтогул
районунда олуттуу төмөндөйт.
4. Борбордук регион үчүн селдин, суу ташкындарынын жана бийик тоо-
догу көлдөрдүн жырылып кетүүлөрүнүн болуу мүмкүндүгү A2-ASF жана
B2-MESSAGE сценарийлери боюнча олуттуу төмөндөйт. Көчкүлөрдүн жүрүү
мүмкүндүгү анча көп эмес жогорулайт.
5. Түндүк регион үчүн селдин, суу ташкындарынын жана бийик тоодогу
көлдөрдүн жырылып кетүүлөрүнүн болуу мүмкүндүгү A2-ASF жана B2-MESSAGE
сценарийи боюнча олуттуу төмөндөйт. Көчкүлөрдүн жүрүү мүмкүндүгү олут-
туу жогорулайт.
Адаптациялоо боюнча чаралар аныгында өзгөчө кырдаалдардын алдын
алуу боюнча чаралардын бар болгон комплексин (абдан коркунучтуу багыт-
тар боюнча өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча каражаттарды кайрадан
бөлүштүрүүнүн негиздүү мүмкүнчүлүгү менен толукталган) өнүктүрүү болуп
эсептелет, алардын негизги компоненттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- бардык табигый өзгөчө кырдаалдар үчүн мейкиндиктик пландоо, ал
жогорку коркунуч зоналарын жана бул зоналарды колдонуу боюнча талаптар-
ды аныктоодон турат;
- коркунучтун булагын гана эмес, анын себептерин да жоюуга багыт-
талган инженердик иш чаралар;
- биринчи кезекте мейкиндиктик пландоону жана инженердик иш чара-
ларды өткөрүү үчүн негизди камсыз кылган нормаларды жана эрежелерди
аныктаган мыйзамдык чаралар;
- күтүлүп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен негизсиз
чечимдерди жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы маалы-
мат берүүлөр жана окутуулар.
Климатка таасир тийгизүүнү жењилдетүү боюнча чаралар
Республиканын өнүгүүсүнүн мүмкүн болгон үч сценарийи үчүн парник
газдарынын эмиссиясын эсептөөлөр жүргүзүлгөн:
A - жењилдетүү боюнча чараларды кабыл алуусуз;
B - өнүгүү пландары менен аныкталган жењилдетүү боюнча чараларды
эске алуу менен;
C - өнүгүү пландары менен аныкталган жењилдетүү боюнча чараларды,
ошондой эле келечекте кабыл алуу зарыл болгон узак мөөнөттүү кошумча
чараларды эске алуу менен.
Кошумча чаралар деп кийинки өнүгүү пландарына киргизүү үчүн сунуш-
тар болуп эсептелген чаралар түшүндүрүлөт, себеби 2100-жылга чейинки
убакыт өнүгүү пландары менен аныкталган убакыттын аралыгынан ашат.
Эсептөө LEAP программалык комплексинин 2006.0015 версиясын колдонуу ме-
нен 2010-2100-жылдарга республиканын экономикалык жылдык өнүгүүсүнүн
темптери жана чараларды ишке ашыруунун көлөмү менен айырмаланган өнү-
гүүнүн ар кандай 15 сценарийи үчүн (6-таблица) жүргүзүлгөн.
6-таблица. Өнүгүүнүн каралган сценарийлери
| Ишке ашырылуучу чаралар | ИДПнын өсүш темпи | ||
| 3% | 2% | 1% | |
| Чараларды көрүүсүз | 103А | 102А | 101А |
| Өнүгүү пландары менен аныкталган чаралар | 103В1 | 102В1 | 101В1 |
| көрүлгөндө | |||
| Өнүгүү пландары менен аныкталган чаралар | 103B2 | 102B2 | 101B2 |
| көрүлгөндө жана жањы генерациялык | |||
| кубаттуулуктар киргизилгенде | |||
| Өнүгүү пландары менен аныкталган чаралар, | 103С1 | 102С1 | 101С1 |
| ошондой эле кошумча чаралар көрүлгөндө | |||
| Өнүгүү пландары менен аныкталган чаралар, | 103С2 | 102С2 | 101С2 |
| ошондой эле кошумча чаралар көрүлгөндө | |||
| жана жањы генерациялык кубаттуулуктар | |||
| киргизилгенде |
Эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча парник газдарынын эмиссиясын ылдыйла-
туудагы милдеттенмелерди аткаруунун мүмкүнчүлүгү боюнча төмөнкүдөй ко-
рутундуларды чыгарса болот:
- экономиканын өсүшү ИДПнын түзүмүнүн күтүлгөн олуттуу өзгөрүүсү-
нүн эсебинен эмиссиялардын ага туура келген өсүшүн жаратпайт. Алкактык
конвенция боюнча милдеттенмелерди чараларды көрүүсүз аткаруу экономика-
лык өсүш 1%ти түзгөндө гана мүмкүн болот;
- пландалган өкмөттүк чаралар (B1 жана B2 сценарийлери) 3%ке чей-
инки экономикалык өсүштөгү милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылат;
- кошумча чаралар (C1 жана C2 сценарийлери) 3%ке экономикалык жыл-
дык өсүштөгү милдеттенмелерди аткарууну камсыз кыла алат;
- 3%тен ашкан экономикалык өсүштүн темптеринде парник газдарынын
эмиссияларын кыскартуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу кошумча чаралар-
дын тизмеси кењейгенде гана мүмкүн болот.
Республиканын өздүк энергетикалык ресурстары менен камсыз болушун
баалоо өздүк өндүрүүнүн болжолдонгон көбөйүүсүнө карабай, бардык сцена-
рийлер үчүн отундун казып алынуучу түрлөрүнө (көмүр, жаратылыш газы жа-
на мунай заттары) болгон салттуу импорт сакталаарын көрсөттү. Экономи-
калык өнүгүүнүн темптерине жараша өздүк өндүрүш менен камсыз кылынбаган
электр энергиясынын тартыштыгы пайда болушу мүмкүн:
- чаралар көрүлбөсө (А сценарийи) 2010-жылдан кийин республика ал
тургай 1% экономикалык жылдык өсүштүн темптеринде электр энергиясын им-
порттоого аргасыз болот;
- генерациялык кубаттуулуктар киргизилген жана B1 жана C1 сцена-
рийлери боюнча чаралар ишке ашырылган учурларда электр энергиясын им-
порттоо 2030-2050-жылдардан кийин зарыл болот;
- кошумча генерациялык кубаттуулукту киргизүү менен жана B2 жана
C2 сценарийлери боюнча чараларды ишке ашыруу менен 3% экономикалык өсүш
темпинде республика электр энергияга болгон өздүк муктаждыгын толугу
менен камсыз кыла алат. Электр энергиясын импорттоонун зарылдыгы эконо-
микалык жылдык өсүштүн (>=) 3% темптеринде 2060-жылдан кийин гана пайда
болот.
Конвенциянын максаттарына жетүү боюнча маалымат
Зарыл болгон технологияларды берүү жаатында аналитикалык баалоо
жүргүзүлгөн, ал парник газдарынын эмиссияларын ылдыйлатууга жана агым-
дарды көбөйтүүгө багытталган конкреттүү иш-аракеттерди ишке ашырууга
мүмкүндүк берди. Баштапкы маалыматтардагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен
инструменттик метеорологиялык байкоолордун бардык убактысы үчүн темпе-
ратуранын өзгөрүүсүн ретроспективдүү талдоо кайталанган. Алынган баа-
лоолорго ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы бардык аймагы боюнча орто-
чо температуралык тренд 100 жылга 0,785 град. Цельсияны түзгөн.
Республикада Климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери боюнча улуттук ко-
митет түзүлүп, ага таза өнүгүүнүн механизми боюнча ыйгарым укуктуу
улуттук органдын функциясы жүктөлгөн. Комитет республикадагы бардык не-
гизги өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн өзүнө камтыган ведомстволор аралык коор-
динациялоочу орган болуп эсептелет.
Укуктук камсыздоону өркүндөтүү планында "Парник газдардын эмиссия-
сы жана жутулушу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүн-
дө" Мыйзам, "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугунун концеп-
циясы" кабыл алынып, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Атмосфералык
абаны коргоо жөнүндө" Мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, БУУнун Кли-
маттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясын аткаруу боюнча чаралар
тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган.
Өлкөдө өткөрүлгөн глобалдуу экологиялык конвенцияларды аткаруу бо-
юнча улуттук потенциалды баалоо потенциалдын өнүгүүсүнө бөгөт болуп
жаткан тоскоолдуктарды табууга жана Глобалдуу экологиялык конвенциялар-
ды ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын потенциалын өстүрүү боюнча иш-аракет-
тердин стратегиялык планын даярдоого мүмкүндүк берди.
Коомчулуктун маалыматка ээ болуусун жогорулатуу үчүн климаттын өз-
гөрүүсүнүн маселелери боюнча улуттук эксперттерге бир катар улуттук
конференциялар, семинарлар, тегерек үстөлдөр жана тренингдер өткөрүлдү.
Климаттын өзгөрүүсүнүн проблемалары жалпыга маалымдоо каражаттарында
жана адистештирилген сайттарда үзгүлтүксүз чагылдырылып турду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу" токтомуПостановление · 07.08.2012 · № 553 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 2-октябрындагы № 549 "2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 02.10.2013 · № 549 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.