# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №245 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №245 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 245
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59716>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13224/edition/436911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59716.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №245 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59716

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 23-апрели № 245

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече

(индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыр-

гыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-

ду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырыл-

сын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу

боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган мыйзам долбоорун

караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-

ындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында

Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык)

эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз

Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин ведомосттору, 1999-ж., N 4, 194-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-беренеде:

- тогузунчу бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жекече камсыздандыруу эсеби - камсыздандырылган адам жөнүндө кам-

сыздандыруу органы тарабынан анын эмгектик жана башка ишинин бүткүл

мезгилинде топтолгон жана пенсияны жана мамлекеттик социалдык камсыз-

дандыруу боюнча башка төлөмдөрдү дайындоо (кайра эсептөө) жана өлчөмүн

аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын толуктугун камсыз кылуучу маа-

лыматтарды камтыган документ. Жекече камсыздандыруу эсебинин камсыздан-

дырылган адамга берилген жекече идентификациялык номери болот жана шар-

ттуу жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат";

- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:

"Камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү - бул жекече камсыздан-

дыруу эсебинин бөлүгү, ага камсыздандырылган адамдын топтолуучу камсыз-

дандыруу акылары, инвестициялык киреше эсепке алынат жана анын негизин-

де пенсиянын топтолуучу бөлүгү төлөнөт.

Камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу

эсебинин бөлүгү, ага эмгек акы же камсыздандыруу акысы түрүндө камсыз-

дандырылган мезгил жөнүндө маалымат эсепке алынат, анын негизинде пен-

сиянын шарттуу бөлүгү эсептелет.".

2. 3-берененин үчүнчү абзацында "жана эмгек акы" деген сөздөр ",

эмгек акы жана камсыздандыруу акылары" деген сөздөр менен алмаштырыл-

сын.

3. 6-беренеде:

- экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт

менен толукталсын:

"16-1) инвестициялык кирешенин суммасы;";

- бешинчи бөлүгү "берилет" деген сөздөн кийин ", ал эми камсыздан-

дырылган адамдын пенсиялык топтоолору жөнүндө маалыматтар пенсияларды

дайындоо жана төлөө боюнча тиешелүү түзүмгө берилет." деген сөздөр ме-

нен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде камсыздандырылган адам каза болсо (же туруктуу жашоого

башка өлкөгө кетсе) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык

органдары пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга

камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө камтылган маалыматтарды

берет.".

4. 8-берененин алтынчы бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Көрсөтүлгөн маалыматтар кагазга жазылган, ошондой эле электрондук

тариздеги (магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча) документ түрүндө

берилиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү

электрондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында

белгиленген башка системалар менен ырасталууга тийиш.".

5. 11-беренеде:

- экинчи бөлүктүн биринчи абзацында "календарлык жыл" деген сөздөр

"отчеттук ай" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- экинчи бөлүктүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүнө камсыздандыруу акыла-

рынын төлөнгөн суммасы;";

- төмөнкүдөй редакциядагы 8-1) пункт менен толукталсын:

"8-1) камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө камсыздандыруу

акыларынын төлөнгөн суммасы;";

- үчүнчү бөлүгүндө "отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен"

деген сөздөр "ар бир айдын 15инен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

бешинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1) пункт менен толукталсын:

"3-1) ушул берененин экинчи бөлүгүнүн 8 жана 8-1-пункттарына ылай-

ык акылардын суммасы;".

6. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-берене менен толукталсын:

"11-1-берене. Инвестициялык кирешелер жөнүндө маалыматтарды берүү

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен келишимдерге ылайык

пенсиялык топтолуучу каражатты түзүү жана инвестициялоо боюнча мамиле-

лердин субъекттери белгиленген формада инвестициялануучу пенсиялык ак-

тивдерден инвестициялык кирешелерди эсептөө үчүн маалыматты Кыргыз Рес-

публикасынын Социалдык фондуна беришет.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам 1-берененин 3, 5 жана 6-пункттарын кошпогондо расмий

жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул Мыйзамдын 1-беренесинин 3, 5 жана 6-пункттары 2010-жылдын

1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
