# Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-апрелиндеги №423 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-апрелиндеги №423 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59715>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13223/edition/328815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59715.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-апрелиндеги №423 "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59715

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 22-апрели № 243

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети

жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы

бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү

тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзам долбоорлору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине, "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык

Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана

2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасын-

дагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Рес-

публикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мый-

зам долбоорлору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоорлор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-

шинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоор-

лорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык

бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана

2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жыл, 27-январь, N 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-беренеде:

биринчи бөлүктөгү "44616805,7", "48105805,7", "3432707,7" деген

цифралар тийиштүү түрдө "48019574,5", "52124748,1", "4105173,6" деген

цифраларга алмаштырылсын;

экинчи бөлүктөгү "3489000,0" деген цифралар "4105173,6" деген циф-

раларга алмаштырылсын;

үчүнчү бөлүктөгү "3489000,0" деген цифралар "4105173,6" деген циф-

раларга алмаштырылсын;

2. 5-берененин биринчи бөлүгүндөгү "4650749,5", "6640796,4" деген

цифралар тийиштүү түрдө "4590689,5", "7917161,1" деген цифраларга ал-

маштырылсын.

3. 7-берененин биринчи бөлүгүндөгү "жана областтык маанидеги шаар-

ларды" деген сөздөр "маанидеги Бишкек жана Ош шаарларын" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

4. 10-беренедеги "2009-жылдын 1-январы" деген сөздөр "2010-жылдын

1-январы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 11-беренедеги "181944,0" деген цифралар "226798,2" деген цифра-

ларга алмаштырылсын.

6. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-берене.

Төмөнкү жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше

салыгынан пландык түшүүлөрдөн чегерүү ченеми 2009-жылга бекитилсин:

- республикалык маанидеги шаарларга - 35 процент;

- облустук маанидеги шаарларга - 30 процент;

- райондук маанидеги шаарларга - 30 процент;

- райондорго - 30 процент (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөр-

дү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).

Сатуудан түшкөн салыктар төмөнкү жергиликтүү бюджеттерге чегерил-

син:

- республикалык маанидеги шаарларга - 50 процент;

- облустук маанидеги шаарларга - 50 процент;

- райондук маанидеги шаарларга - 20 процент;

- райондорго - 25 процент (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөр-

дү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);

- айыл өкмөтүнө - 25 процент.

Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги

шаарлардын, облустук маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлар-

дын жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 50 процент өлчөмүндө

эсептелсин.

Жер салыгы, ыктыярдуу патент негизинде салык, бирдиктүү салык не-

гизиндеги түшүүлөр 100 процент өлчөмүндө жергиликтүү өз алдынча башка-

руу органдарынын тескөөсүндө калтырылсын.

Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана

уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттар-

га салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө жатат.

Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жер-

гиликтүү бюджеттерге чегерүүлөр ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр

бирдей ченемде белгиленсин.

Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жооп-

керчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-

дарына жүктөлөт.".

7. 13-беренеде:

- биринчи бөлүктөгү "4118732,4" деген цифралар "4209069,4" деген

цифраларга алмаштырылсын;

- үчүнчү бөлүктөгү "орто жана баштапкы" деген сөздөр алып салын-

сын.

8. 14-берененин биринчи бөлүгүндөгү "680794,1" деген цифралар

"773022,2" деген цифраларга алмаштырылсын.

9. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"17-берене.

Учурдагы жылда кабыл алынган кошумча финансы ресурстарын талап

кылган ченемдик актылар боюнча чыгымдар 2010-2011-жылдардагы болжолдуу

мезгилден кийинки жылдардагы бюджетте каралаары белгиленсин. Кыргыз

Республикасы үчүн стратегиялык мааниси бар мыйзамдар буга кирбейт.".

10. N 1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4 жана 5-тиркемелер ушул Мыйзамдын N

1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4 жана 5-тиркемелерине ылайык редакцияда баян-

далсын.

11. Төмөнкүдөй мазмундагы 18-1-берене менен толукталсын:

"18-1-берене.

Республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон 2008-жылдын жыйын-

тыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы Кыргыз Рес-

публикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын учурдагы

эсебине чегерилет.".

2-берене.

Бул Мыйзамдын 1-беренесинин 6-пунктун кошпогондо ушул Мыйзам рас-

мий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бул Мыйзамдын 1-беренесинин 6-пункту 2009-жылдын 1-майынан тартып

күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги

принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин ведомосттору 1998-ж., N 10, 374-берене) төмөнкүдөй то-

луктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 21-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"Кошумча финансылык ресурстарды топтоо жана аларды өлкөнүн эконо-

микасы жана бюджеттик системасы үчүн жагымсыз мезгилдерде сарамжалдуу

пайдалануу, ошондой эле социалдык маанилүү иш-чараларды финансылык жак-

тан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Резервдик фонду тү-

зүлөт. Кыргыз Республикасынын Резервдик фондун түзүүнүн жана пайдала-

нуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.".

2. 34-берененин экинчи бөлүгүндөгү "жана үч жыл бою өзгөртүүгө

жатпайт" деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жыл, 3-ап-

рель, 22) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-берене.

Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".

2-берене.

Бул Мыйзам 2009-жылдын 3-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
