# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги №262 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги №262 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13218/edition/436984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59709.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-апрелиндеги №262 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59709

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 28-апрели № 262

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык

Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков

демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 28-апрелиндеги

№ 262 токтому менен

жактырылган

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты

К.С.Исабеков демилге кылган "Кыргыз Республикасынын

Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык

Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабеков демилге кылган

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун

карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 2-пунктунун

3-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансылык, баа, та-

рифтик, инвестициялык жана салыктык саясаттарды жүргүзүүнү камсыз кы-

лат.

Каралып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын эркин эконо-

микалык зоналарындагы субъекттердин бардык категорияларына салыктык

жењилдик берүүнү караштырат.

Айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү каалагандай салыктык жењил-

диктер бардык чарбакер субъекттер үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдей шартта-

рын түзүүнү караган салык салуунун принциптеринин бирин - адилеттүүлүк

принцибин бузууга алып келет.

Экономикалык ишкердиктин бир түрүнө салыктык жењилдиктерди берүү

менен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарууга жетүү үчүн ишкер-

диктин башка түрлөрүнө салык жана бажы төлөмдөрүн жогорулатууга мажбур

болот.

Ушуну менен бирге 2009-жылга мамлекеттик бюджеттин киреше

бөлүгүнүн долбоорун эсептөөдө болжолго Кыргыз Республикасынын Салык ко-

дексинин колдонуудагы редакциясына ылайык бажы төлөмдөрүнөн келип

түшүүлөр кошулган, ушуга байланыштуу сунушталуучу мыйзам долбоорун ка-

был алуу бюджеттин кыйла жоготууларына алып келет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, бюджеттин киреше бөлүгүн атка-

руу жана бардык чарбакер субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүү макса-

тында "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору-

нун сунушталуучу вариантын кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептей-

биз.

Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын

1-апрелиндеги № 205 токтому менен Кыргыз Республикасынын эркин экономи-

калык зоналарынын ишмердигин изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин депутаты К.Ш.Кыдыровдун төрагалыгы менен Ведомстволор

аралык комиссия түзүлгөн.

Жогоруда аталган Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын эркин

экономикалык зоналарынын ишмердигине толук экономикалык талдоо

жүргүзүлөт жана алардын ишмердигин өркүндөтүү боюнча сунуштар киргизи-

лет.
