# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №261 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №261 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 261
- Кабыл алынган күнү: 27.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59707>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13216/edition/1262061/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59707.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №261 "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтому (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59707

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 27-апрели № 261

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техника- лык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколдун (мындан ары - Прото- кол) 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги болуп аныкталсын. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Протоколдун ишке ашырылышын

камсыз кылсын. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Протоколду ишке

ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө Жа- мааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Секретариатына билдирсин.

4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
