Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2009-жылдын 27-апрели № 261
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техникалык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган агрессия коркунучу пайда болгон же агрессия актысы болгон учурларда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттерге аскердик-техника- лык жардам көрсөтүү механизми тууралуу Протоколдун (мындан ары - Прото- кол) 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Протоколду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу
мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги болуп аныкталсын. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Протоколдун ишке ашырылышын
камсыз кылсын. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Протоколду ишке
ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө Жа- мааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Секретариатына билдирсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2023 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 217 токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.