Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 6-апрели № 216
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун
протоколдорун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасы Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна мүчө
экендигин эске алып, эл аралык аба укуктары документтерине карата атка-
рылган кол коюу, ратификациялоо же кошулуу жөнүндө ушул уюмдун
2009-жылдын 30-январындагы № LE 3/40-09/6 расмий билдирүүсүн көњүлгө
алып, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыр-
гыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду атка-
руу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун протоколдорун ратифика-
циялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун
протоколдорун ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Төмөнкүлөр ратификациялансын:
Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык
жарандык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги
тексти тууралуу протоколу (Чикаго, 1944-жыл);
Монреаль шаарында 1947-жылдын 27-майында кол коюлган Эл аралык жа-
рандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 93 bis беренесине оњдоо кирги-
зүүгө тиешелүү протоколу;
Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жа-
рандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 45-беренесине оњдоо киргизүүгө
тиешелүү протоколу;
Монреаль шаарында 1954-жылдын 14-июнунда кол коюлган Эл аралык жа-
рандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48 (а), 49 (е) жана 61-беренеле-
рине оњдоо киргизүүгө тиешелүү протоколу;
Рим шаарында 1962-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Эл аралык жа-
рандык авиациялар жөнүндө конвенциянын 48(а)-беренесине оњдоо киргизүү-
гө тиешелүү протоколу.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү депозитарий болуп эсептелген,
Монреаль шаарында 1998-жылдын 1-октябрында кол коюлган Эл аралык жаран-
дык авиациялар жөнүндө конвенциянын бирдей күчкө ээ алты тилдеги тексти
тууралуу протоколду (Чикаго, 1944-жыл) Кыргыз Республикасы ратификация-
лагандыгы жөнүндө грамотаны сактоого берсин;
Жогоруда аталган протоколдорду Кыргыз Республикасы ратификацияла-
гандыгы жөнүндө грамоталарды депозитарий болуп эсептелген Жарандык ави-
ациянын эл аралык уюмуна сактоого берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (1)
- О ратификации протоколов международной организации гражданской авиацииЗакон · 15.01.2000 · № 19
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы №4 "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү өткөрүүгө укуктуу болгон ыйгарым…Постановление · 05.01.2011 · № 4 · Күчүн жоготкон