# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №220 "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №220 "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 220
- Кабыл алынган күнү: 07.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13206/edition/436062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59693.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №220 "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (07.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59693

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 7-апрели № 220

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү

жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз

Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

1. "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө

эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошу-

луусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү

жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото Конвенциясы)

Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу

1-берене.

Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл

аралык конвенцияга (Киото конвенциясы), анын Башкы тиркемесине, А, В,

С, D, Е, (3-главасынан тышкары), F, G, H, J, К Атайын тиркемелерине

Кыргыз Республикасы кошулсун.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндө

грамотаны депозитарий болуп саналган Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы секре-

тарына депонирлесин.

3-берене.

Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
