Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 7-апрели № 220
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү
жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз
Республикасынын кошулуусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жөнүндө
1. "Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө
эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошу-
луусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы
аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган
учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү
жөнүндө эл аралык конвенцияга (Киото Конвенциясы)
Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл
аралык конвенцияга (Киото конвенциясы), анын Башкы тиркемесине, А, В,
С, D, Е, (3-главасынан тышкары), F, G, H, J, К Атайын тиркемелерине
Кыргыз Республикасы кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндө
грамотаны депозитарий болуп саналган Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы секре-
тарына депонирлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы №439 ""Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча эл аралык конвенцияга (Киото конвенциясы) Кыргыз Республикасынын кошулуусу…Постановление · 09.07.2009 · № 439 · Күчүн жоготкон